Небраскада абышка жашачу экен. Помидор өстүрүү үчүн жер иштетүүнү каалачу. Бирок, бул өтө оор иш болучу. Ага жардам бере ала турган анын жалгыз гана уулу бар. Ал да болсо абакта…
Абышка уулуна кат жолдоду:
Сүйүктүүм Девид!
Помидор өстүрүү үчүн жер иштетүүгө таптакыр күч-кубатым жок. Алдан тайып, эч нерсеге жарабай турам. Сен жанымда болсоң ай! Мен бул нерселер жөнүндө ойлонбойт да болчумун. Сен өзүң билгендей эле менин бардык каалоолорумду орундатат элең да.
Сенин атакең!
Арадан көп өтпөй уулунан жооп келет:
Атаке! Суранам, ал бакчага колуңду тийгизбе! Аны эч кимге көрсөтпөңүз! Жолотпоңуз! Суранам! Суранам! Мен ал жака өлүктөрдү көөмп салган болчумун!
Уулуңуз Девид…
Эртеси саат 4ттөр чамасында Полициядан атайын кызматкерлер келип бакчаны казып, бардык жерин издеп чыгышты. Эч нерсе таба алышкан жок. Кайра топурактарды тегиздеп, абышкадан кечирим сурап кетишти…
Ошол эле күнү абышка уулунан жаңы кат алды:
Атаке, эми бакчабызга каалаган нерсеңди өстүрө бериңиз. Мен болгон жардамымды бердим.