alternatetext Багымдат: 03:55 | alternatetextКүн чыгуу: 05:47 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:04 | alternatetextШам: 20:13 | alternatetextКуптан: 22:07
Макалалар

Биз «ошондой» инсандын үммөтүбүз!

Пайгамбарыбыз (салалЛаху алейхи уа саламды) Жабрейил (алейхи салам) меражга алып чыкты, түнкү сейилге.

Пайгамбар айтат: Ар асманга барып, Жабрейил алейхи салам тыкылдатканда “бул ким”? – деп сурап атты. Мен Жабрейилмин, мени менен кошо Мухаммад пайгамбар бар дегенде асмандын эшиги ачылат, чогуу кирип жаттык…“ дейт.

Ар такалган сайын асманга…. бул асмандан тигил асманга.. андан тигил асманга барат. Эң акыркы асмандын үстүнө чыкты, жетинчи асмандын….. үстүндө басып бараттык.. дейт Пайгамбар…

Бир учурда жанымдагы караандын көрүнбөй калганын байкадым…. дейт…. жанында ким бар эле?.. Жабрейил алейхи салам.. Пайгамбар токтоп туруп, ушундай жерде.. чоочун, бейтааныш жерде.. сүйгөн инсан өз досун жалгыз калтырабы?.. дейт.. артына бурулуп.. тээ ары жакта Жабрейил алейхи салам турган..
Жабрейил алейхи салам: Яа расул Алла, эгерде мен сиз тарапка кичине эле жакындай турган болсом, .. өрттөнүп кетем.. (көңүл бургула) эгер мен сиз тарапка кичине эле кыймылдап жакындай турган болсом өрттөнүп кетем..

Эгер сиз алдыңызга дагы кичине кыймылдасаңыз, анда.. ошол парда жыртылат.. эми Аллахка жолугасыз” деп жатат…
Пайгамбар барган орунга, Пайгамбарга Куранды алып келген Жабреил татыктуу эмес.. Пайгамбар ким?.. ал инсан, биздин жынысыбыздан… инсан..

БИЗ ОШОНДОЙ ИНСАНДЫН ҮММӨТҮБҮЗ!

Садибакас Доолов

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button