alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
ЖаңылыктарТарбия

Балага смартфон кандай таасир этет?​

Азыркы кезде ар бир экинчи ата-эненин баланы алаксытуучу куралы — смартфон, тагыраагы, сенсордук экраны бар телефон. Наристенин жаш курагы канчада экенине карабай аны чукулап тынч отуруусу ата-энеге ошол мүнөттөрдө пайдалуу сезилет. Бирок бул алдамчы убакыт баланын келечегине чоң зыян алып келерин билесизби? Эмесе, смартфондун балага тийгизген терс таасирлерине кеңири токтолобуз.

❗1. Ата-энеси менен болгон мамилесине таасир этет. 2 жашка чейинки убакта наристенин мээси үч эсе тез өсөт. Ата-эненин баласы менен сүйлөшүүсү анын мээ клеткаларынын калыптанышына жардам берет. Мындай учурда бала убактысын ата-энеси менен эмес, смартфон менен өткөрсө, аң-сезими өспөй калат.

❗2. Баланын алгачкы “наркотиги” болуп калат. Смартфон аркылуу бала каалаганын (оюн, музыка, видео) ала алат. Бул техника анын кругозорун өстүрбөстөн, тескерисинче, көнүмүш адатка айланат. Натыйжада бала дайыма смартфонду эңсеп калат.

❗3. Талма пайда болот. Балдар жакшы көргөн нерсесин колунан тартып алса чыр салышат. Айрымдары калтырап-титиреп жатып калат.

❗4. Уйкусу бузулат. Жаш балдар эле эмес, чоңдор да уктарда смартфон колдонсо экрандан чыккан жарык уйку гормонунун иштешине терс таасир этет. Жыйынтыгында уйку цикли бузулат.

❗5. Окуу жөндөмдүүлүгүнө таасир этет. Окуу үчүн маанилүү болгон визуалдык көндүмдөрүнүн өсүшүнө, чыгармачылык жөндөмүнө, элестетүүсүнө зыян келтирет.

❗6. Агрессивдүү кылып коёт. Смартфонду ойноп жатып экраны иштебей, же көрүп жаткан видеосу токтоп калса баланын ачуусу келип, кайра-кайра баскылап, кээде чаап да жиберет. Мындай көрүнүш баланы агрессивдүүлүккө алып барат.

❗7. Социалдык коркунучтар жаралат. Социалдык көндүмдөргө үйрөнүү – баланын ийгиликтүү өсүшү үчүн маанилүү этап. Смартфонду көп колдонгон бала чоңойгондо башкалар менен пикир алышууда, үй-бүлөлүк маселелерде, карьералык өсүүдө өз алдынча чечим чыгара албай көп кыйынчылыктарга учурайт.

​Кандай ооруларды чакырат?​

  • Миопия (көрүүсү начарлайт)
  • Моюн, жүлүн, омуртка оорулары.
  • Баш оору.
  • Тарамышы тартышуу.
  • Ашыкча салмак
  • Кант диабети
  • Иммунитеттин төмөндөөсү
  • Инсульт, инфаркт.

«Инсан»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button