alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
АңгемелерТаасирдүү окуялар

АДАЛДАН АРАМГА

30 КҮНДӨ 30 БАЯН

Азирети Али (р.а) Халифалык кылып турган мезгил эле. Бир күнү Али мамлекеттин иштери менен бир жерге барып калат. Бирок кире турган имараттын тегерегин караса атын байлай турган ылайыктуу орун да, мамыча да жок экен. Эми эмне кылам деп ойлонуп турган чагында бир жаш өспүрүм жылмайган жүз менен чуркап келип Халифага салам берип, иштерин бүтүрүп чыккыча атын кармап турмакчы болот. Али жаш өспүрүмдүн кичипейилдигине ичи жылып кубанган боюнча имараттын ичине кирип кетет.
Чай кайнам убакыт өткөндөн кийин Али (р.а) иштерин бүтүрүп эшикке чыкса аты дагы, өспүрүм дагы көрүнбөйт. Ал көрүнүшкө таңкалган Халифа ар түркүн ойго баткан боюнча үйүн көздөй жөнөйт. Бираз баса түшкөндөн кийин жолдун жээгинде турган атын көрөт. Бирок атынын жүгөнү жок бош жүргөн эле…
Атын кармап үйүнө келген Али жүгөн алып кел деп 2 динар берип бир жардамчысын базарга жиберет. Бир топ убакыт өткөндөн кийин жардамчысы Алинин өзүнүнүн жоголгон жүгөнүн алып кирип келет. Жүгөндү көрүп таңкалган Халифа:
— Бул менин атымдын жүгөнү экен. Каяктан таптың?- дейт.
— Халифам! Базарга барсам дал кире беришинде бир өспүрүм бала дал ушул жүгөндү сатам деп кыйкырып турган экен. Баасы канча десем 2 динар деди. Унчукпастан сиздин жүгөндү алып жүрө бердим,- дейт. Али (р.а) өкүнгөн түр менен:
— Жараткан Аллахым өзү күбө. Биз адамдар ушунчалык сабырсыз жана шашмабыз. Адамды сабырсыздык менен шашмалык курчаганда бизге адал болуп турган нерсени арамга айлантып жиберип күнөөгө батабыз. Карачы!? Мен ал өспүрүмгө аябай ыраазы болуп иштеримди бүтүрүп чыккандан кийин өзүм эле 2 динар берейин деп ниет кылып койгом. Ал болсо эмне кылды? Сабырсыздык кылып шашканынан адал ала турган акчасын арамга айлантып алды жана уурулук кылып күнөөкөр болду. Аллах өзү кечирсин,- деди үшкүрүнүп…

Сабак: Кыргыз элинде «Сабырдын түбү сары алтын. Саргарган жетер муратка»,»Шашкан шайтандын иши» деген сыяктуу бир топ тарбиялык макал-лакаптар бар. Чынында биз көп учурда күткөндөн тажап, сабырсыздык кылып, шашып чечим чыгарып, бирди замата беш кылабыз деп жатып адал нерсени арамга айлантып абийирибиздин алдында уурулук кылып алган учурлар кездешет. Сабырдуу бололу туугандар! Шашпай эле коёлучу… Рамазан айыңыздар маарек болсун!

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button