alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Аңгемелер

Кечилдин ыйманга келиши

Кечилдин ыйманга келиши

📍КЕЧИЛДИН ЫЙМАНГА КЕЛИШИ

✍Ибрахим Хавваас (р.х) айтат:

Мен бир жолу талаада бара жатсам, жолдо бир христиан кечилди жолуктурдум. Ал белине кур байлап алган эле. (бул кур жиптен, же кездемеден болот муну каапырлыктын белгиси катарында болчу). Ал мени менен бирге болгусу келди. (Каапырлардын кедейлери мусулмандардын кедейлерине кызматта жүрчү). Мен өзүм менен бирге болгонго макул болдум. Биз бирге жети күн жүрдүк (ичпедик, жебедик) жетинчи күнү христиан кечил айтты:

— Эй, Мусулман! Өзүңдүн чындыкта экениңди көрсөт! (жети күндөн бери эч нерсе жебейбиз). Мен:

— Эй, Алла! Каапырдын алдында мени кор кылба деп дуба кылсам, алдыбызда дасторкон пайда болду. Анда нан, куурулган эт, жаңы эле бышкан курма, бир кумган суу бар экен.

Экөөбүз отуруп жеп, ичтик да жол жүрүүнү уланттык. Дагы жети күн жол жүрдүк. Жетинчи күнү (христиан дагы айтпасын деген ойдо) андан мурда ага:

— «Бул жолкусун сен көрсөт эми кезек сеники»,-дедим.

Ал таягына сөйөнүп турду да, дуба кылса мен дуба кылганда пайда болгон дастаркондогу нерселерге караганда эки эсе көп нерселери бар дастаркон пайда болду. Мен аябай ызаландым. Өңүм бузулуп, таң калып, олтуруп калдым да ызалангандыктан тамак жегенден баш тарттым. Христиан мени тамак жегенге кайра-кайра чакырды. Мен баш тарта бердим. Ал айтты:

— Сен тамактан жегин, мен сага эки сүйүнүчтүү нерсени айтамын. Анын бирөөсү:

اشهد ان لا اله الاالله و اشهد ان محمدا رسول الله.
(Ашхаду аллаа илаха иллаллооху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа росуулух) «Мен мусулман болдум», — деди да белиндеги курун чечип ыргытты.

Экинчи сүйүнүч:

Мен дуба кылганда минтип дуба кылдым:

— » Эй, Алла! Эгерде ушул мусулман сага жаккан болсо, ошонун берекесинен бизге тамак бер» — десем ушул тамактарды Алла Таала берди.

Мен ошондуктан мусулман болдум. Ал экөөбүз тамак жедик, жол жүрүп отуруп, Меккеге жеттик. Меккеде ажылыкты кылдык, ошол мусулман Меккеде калды да ошол жактан дүйнөдөн кайтты. (Ровз)

Каапырлардын минтип мусулман болгон окуялары тарых китептеринде көп кездешет. Бул айтылган окуяда Алла Таала кээде башка бирөөлөрдүн беркесинен бирөөлөргө ырыскы берээри маалым болду.

Бирок, кээ бирөөлөр акмактыктан менин аракетимден, менин кылганымдан ушундай болуп жатат деп ойлойт.Көптөгөн хадистерде бул мазмун айтылган:

«Силерге алсызыңардын себебинен ырыскы берилет». Ошондой эле бул окуядан маалым болгон нерсе: Каапырларга мусулмандардын себебинен көптөгөн ачылыштар болот. Сырттан каапырларга жардам берилип жатат деп түшүнүлөт чындыгында ал башкалардын себебинен болот.

📚 «Фазаил садакат»
🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹

Даярдаган: Зикиралла кызы Махарам

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button