Жаңылыктар
Мухаммед ысымы үчүн ур-токмокко алынган Индиялык мусулман каза тапты (ВИДЕО)
Индиянын Прадеш штатынын 65 жаштагы тургуну индуисттер тарабынан катуу сабалды. Кийинчерээк ал курман болгондугу белгилүү болду. Бул тууралуу “Siasat Daily” жазып чыкты.
Твиттерде пайда болгон видеодон психикалык жактан оорулуу адам Мухаммед ысымын алып жүргөндүгү үчун катуу ур-токмокко алынып жаткандыгын көрүүгө болот. Сабап жаткан адам мусулмандын өздүгүн тактоо үчүн кайра-кайра суракка алып жатат.
https://twitter.com/zoo_bear/status/1527865325902893056?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1527874614910541824%7Ctwgr%5E%7Ctwcon%5Es2_&ref_url=https%3A%2F%2Fwww.siasat.com%2Fmp-mentally-ill-man-thrashed-asked-is-your-name-muhammad-later-found-dead-2331626%2F
Маркумдун жакындары кылмышкердин жазалануусун талап кылышууда. Индиянын Кылмыш-жаза кодексинин 302 (киши өлтүрүү) жана 304 (шалаакылыктан киши өлтүрүү) беренелери боюнча айыпталуучуга иш козголуп, азыр тергөө жүрүп жатат.