alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
Жаңылыктар

«Жанбото Ата» мечитинин жамааты 3 баланы багып, чоңойтуп келе жаткан жалгыз бой айымга жарда берди

Бишкек казыятына караштуу «Жанбото Ата» мечитинин жамааты  имам хатиб Камилжан ажы Муратовдун демилгеси менен уюштурулган ар  жума сайын бир жаранга жардам берүүнү улантууда.

Бул жумада алар 3 балалуу жалгыз бой аялга 5000 сомдук жардам беришти. Имам хатибдин айтымында, бул аялды үч баласы менен күйөөсү таштап кеткен. Учурда кыйынчылыкты башынан кечирип жаткандыктан мечиттин жамааты кайдыгер карап тура алышкан жок:

«Биздин мечитке бир келин келип кат жүзүндө кайрылуу жазып кеткен экен. Биз ошол дарек менен издеп барып, чындыгында кыйын абалда экендигин өз көзүбүз менен көрдүк. Жамаатыбыздан кээ бир азаматтар чыгып, мындан ары ай сайын батирине жана азык-түлүк камсыздап турмай болушту,»-деи Камилжан ажы.

«Жанбото Ата» мечити эки айдан бери жума сайын бир үй бүлөөгө жардам берүүнү колго алып келе жатат.

Булак
https://muftiyat.kg

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button