alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

ЧЫНЫГЫ БАЙЛЫК КӨҢҮЛДҮН ТОКТУГУ

ЧЫНЫГЫ БАЙЛЫК КӨҢҮЛДҮН ТОКТУГУ

Али ибну Маьмуун ал-Аббасий амир жана халифанын баласы болгон. Ал заңгыраган хан сарайда жашайт эле мал -дүйнөнүн ашыгы менен болчу. Күндөрдүн биринде ал сарайынын терезесинен карап олтуруп,эртели кечке чейин тыным албай иштеген адамды көрүп калат. Кеч кирээрде жанагы адам Дижла дарыясынан даарат алып,эки рекет намаз окуп,күн батаарда үйүн көздөй жөнөп кетет. Күндөрдүн биринде Али ал адамды чакырып өзү жөнүндө айтып берүүсүн сурайт. Ал киши аялы,эки карындашы жана апасы бар экенинен кабар берет. Башка кирешеси жок,тапканын сатып,аны үй -бүлөсүнө жумшап,өзү кечке орозо кармап,кеч киргенде тапкан тыйынын бир азына ооз ачып калганын үйүнө алып барарын айтат. Ошондо Али андан;
«Сенин бир кемчилигиң барбы? деп сураганда ал: «Жок Кудайга шүгүр «,-деп жооп берет. Ошондон баштап Али хан сарайын жана амирлигин таштап,маңдай тери менен эмгек кылып жан багууга кетип калган экен. Бир канча жылдан кийин анын каза болгону угулат. Ал Хурсан жеринде жыгач устачылык кылып өмүр кечиргендиги айкын болот. Анткени Али бакыттын устачылыктан тапты,хан сарайдан таба алган жок.

Эгерде бизге жогорудагыдай мүмкүнчүлүк берилип,президент же депутат же бир бай «Сенде кандай кыйынчылык бар «-деп сураса. Эккиленбей жашаган үйү болсо эки кабат болуусун,мерседеси болсо жип жоок камаз эле болсун. ) иштеген иши болсо чоң фирма,же сиздей депуттардан болсом ..) -деп толгон тилегин айтып этегине тып жабышмак бул чындык туурабы же туура эмесби? Айрыкча ушул заманда жарышмай,кожо көрсүн эл көрсүн заманда ыймандан,намыстан,ден -соолуктан дүйнө кызычылыгын жогору коюуп чапкылап жүргөн убагыбыз. Эки эшиктин бирине кирсең бактысыз инсандар,балким биздин бар нерселерибизге Аллахтын эсепсиз нематтарына шүгүр кылып жашабагыныбыздандыр…

Эч жан жашоосуна ыраазы эмес толо адамдар,эгер билсеңиз ыраазычылык менен эң кооз жашоого болот.

Турмуштун таттуусуна, ачуусуна,жеңилдигине,оордугуна,кедейлигине,байлыгына,ооруусуна,саламаттыгына ыраазы бол . Аллахтын ыраазылыгы үчүн кедейликти сез,ошондо ыраазылыктын таттуулугун,ыкластуулуктун даамын,сабырдуулуктун пайдасын,шүгүрдүүлүктүн акыбетин сезесиң.

Доструңа ыраазы бол алардын жакшы жактары жаман жактарын жабат. Анткени, өзүң да бардык каталардан, күнөөлөрдөн аруу эмессиң.

Аялыңа ыраазы бол анын жакшы жактары жаман жактарын унуттурат. Анткени ал да сенин туура эмес ката жактарыңа ыраазы болду.

Үйүңө ыраазы бол анткени олтурган бөлмөң сууктан сактап турат,күндүн ыссыктыгы падышанын тактысынан жакшы,үйүңдө бейплидикте саламаттыкта олтуруп жеп жаткан ыссык наныңа ыраазы бол. Анткени бийлердин тамагынан даамдуурак,эки жаамчы да кийген кийимиңе ыраазы бол,эгер анда такыбалык кадыр барк болсо падышанын кийиминен жакшыраак.

Тынч саламаттыкта басып жүргөн бутуңа таянган таягыңа ыраазы бол. Анткени ал байдын унаасынан да абзел. Иштеген жумушуңа ыраазы бол жумушуң жөнөкөй болсо да күнүмдүк турмушуңа жетип тургандыгы,минситирдин тапканынан да жакшыраак .

Кыскасы жашооңо ыраазы болуп жаша, жан дүйнөң тынчтыка бөлөнөт мындан өткөн байлык жоктур билгенге!

Аллахка ант,эгер ыраазычылык жок болсо жан дүйнөдө кыжалаттык көп болот,якут маржандар төгүлүп турган деңиздин жээгине курулган хан сарайда жашасаңда, астыңда бөлпүлдөгөн төшөктөр салынып ойногонуң алтын болсо да айланаңда кызматчылар чуркап турса да бакыттын тынчтыгын,бейпилдиктин жана саламаттыктын даамын тата албайсың. Өзүңдү эң баймын деп элестет,бир күндө кадимкидей тамак жейсиң,кийимдин кийесиң жана жумшак төшөккө жатасың. Эгер акыбалыңа ыраазы болуп ырыскыңа каниет кылсаң,сенден өткөн бай бактылуу адам жок. Анткени турмуш ушундай соонун кооз экендигин билдиң…
Илимпоздор,даанышмандар жана докторлор да «ыраазылык ден -соолукка эң жакшы табылгыс даары экенин » айткан..

Кана тууганым бир «Аллахмадулиллах!  «-деп жашооңуздагы баарлыгыңызга шүгүр кылып Жаратканга ыраазылык айтыңызчы ,эч болбосо он жолу жыйырма жолу чын ыкластан жүрөгүңүз менен айтып көрүңүз сөзсүз жан дүйнөңүз башкача сезимге бөлөнүп тынчтанып өзүнчө ырахат аласыз!  Анткени ыраазычылык жашоодогу кандай күнүң болбосун сага дем- күч боло турган табылгыс курал! Бул курал менен жан дүйнөңдө болуп жаткан караңгылыкка бөлөгөн,кыжалаттык согушун талкалап жок кылат!  Жана Жаратканга чоң ишеним үмүт жолдорун ачып бактылуулук тартуулайт! 

Демек чыныгы байлык пенденин жашоосундагы барлыктарга ыраазы болуп, кадырына жетип шүгүр кылып жашоосунда турбайбы…

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Выбор игр и программ для Андроид может быть захватывающим, но иногда и ошеломляющим. Чтобы найти наилучшие мобильные приложения для вашего смартфона, сначала проанализируйте ваши потребности и интересы. Если вы ищете развлекательные приложения, вам стоит обратить внимание на популярные игры для Андроид. Эти игры предоставляют великолепные возможности для отдыха и развлечений.

    Для тех, кто ищет полезные приложения, существует масса вариантов. Приложения и игры для Андроид — отличный ресурс, предоставляющий самое лучшее в сети. Это может быть весьма полезным инструментом для вашего смартфона.

    Чтобы получить всю информацию посетите страницу — [url=https://parmamobile.ru]parmamobile.ru[/url]

    Однако, помимо известных игр и приложений, не забывайте искать новые и неизвестные приложения, которые могут подарить вам неповторимый опыт. Важно также не пропускать обновления, так как разработчики постоянно улучшают свои продукты и расширяют функционал.

    Попробуйте использовать данную ссылку — http://parmamobile.ru

    В этой теме мы можем разделиться рекомендациями по играм и программам для Андроид, давать советы и рассказывать о нашем опыте использования приложений. Помогите другим участникам форума найти лучшие развлечения и полезные приложения для своих смартфонов!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button