alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Жаңылыктар

10-11-май бараат түнү. Бараат күнөөлөрүбүздү тооба менен жууп кетире турган өзгөчө түн

Аалымдар Кеңеши жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан такталган 2017-жылга карата намаз убактылары календарына ылайык «БАРААТ ТҮНҮ» бүгүн,  Шаабан айынын 15 — түнү, 10-11-майга туура келет.

Алла Тааланын ырайымына баш калкалап, күнөөлөрүбүздү тооба менен жууп кетире турган өзгөчө түн. «Бараат»-деген сөздүн өзү «арылуу, тазаруу»-деген маанилерди түшүндүрөт. Бул куттуу түндү намаз окуп, зикир, дуба кылып, кечирим тилеп, Куран окуу менен өткөрсөк, Жараткандын ырайымына бөлөнүп калышыбыз ажеп эмес. Мындан сырткары бул куттуу түнү тооба кылып, өзүмчүлүк, кастык, ичи тарлык, көрө албастык сыяктуу илдеттерден арылууга, дүйнөгө жакшы көз караш менен назар салууга жан үрөшүбүз керек. Жашап жаткан жашообуз убактылуу болгондугун, Алла Тааланын алдына жарык маанай менен барууга ыйманыбыз жана жакшы иштерибиз себеркер боло тургандыгын ойлойлу. Адамды адам болгондугу үчүн жакшы көрүп, Жаратканга шүгүр келтирели. Айлана-чөйрөбүзгө кастыктын, душмандыктын уруктарын эмес, сүйүүнүн, тынчтыктын уруктарын себели. Ушул түнү чын жүрөктөн кылынган дубалардын урматы үчүн эл-жерибизге биримдик, ынтымак беришин, бүтүндөй ааламга тынчтыкты, бакубат жашоону тилеп, ар бир инсандын жүрөгүнө ыйман нурунун ыроолошун Жараткан сурап кетмекчибиз.

http://muftiyat.kg

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button