alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
АңгемелерТаасирдүү окуялар

☝ АЯТТАРГА АМАЛ КЫЛСАН, АДАШПАЙСЫН

✍ Жашы элууго келип калган такыба адам менен Жиддада бир отурушта эртеден кечке бирге болдум. Ички дуйносу таза, барга каниет, жокко топук кылган керемет киши экен. Суйлошуп отуруп мындай мыкты муноз тубасабы же тарбиянын кучубу деп сурадым. Озу тууралуу кыскача айтып берди.

Жаш кезимде намаз окубайт элем, чекемди саждага тийгизбей, Алланын буйругун аткарбай журуу тынчымды деле алчу эмес. Бир жолу атам озу менен чогуу умра кылууга мажбурлап кондуруп Меккеге — Каабага бардык. Ангыча намаз убактысы болуп, баарыбыз сапка тизилдик. Кудай озу кечирсин, дааратым жогуна карабай, мен да элдин катарында тура бердим. Имам: » Айткын (Оо, Мухаммад): «Эй, оз жанына зыян келтирген пенделер, Алланын ырайымынан умут узбогуло, Чынында Алла Таала бардык куноолорду кечирет, анткени Ал — Кечиримдуу, Ырайымдуу», (» Зумар» суроосу, 53-аят)- деген аятты
укканда денем калчылдап титирем кеттим. Бул аятты мурда угуп журсом да, кудум азыр гана уккандай журогум жибип, козумдон жаш акты. Саптан чыгып кеттим… Барып даарат алып, кайра намазга турдум. Мына ошол ирмемден баштап жашоом озгорду. Алланын дининде кайрадан торолдум. Ошол кундон бери бир да намазды убагынан кечиктирбедим. Куранды берилуу менен окуйм, зикирди кызыгуу менен чалам. Жан дуйном озгоргонун байкадым. Конулум тынч, журогум бейпил согот. Озунун бир аятын Каабадан угузуу менен Алла Таала менен ушундай туура жолго салды, ушул жолдон эки дуйно бактысын таптым…»

Жолдошумдун маеги мени да ойго салды. Биз Куранды окуйбайбыз, окусак тушунбойбуз же тушунууго аракет кылбайбыз, болбосо Курандын ар бир аяты жашообузду озгортуп, туура жолго багыштамак.

Аяттарды кайра — кайра оку, акыл калча, ой жугурт, бул кимдин созу деп озуно суроо бер. Ырайымдуу жана Мээримдуу Зат бизге тообо кылууну ырайымды жана кечиримди суйунчулоп жатат го?!

Эмне учун бул суйунучтуу кабарды кабыл албайбыз? Бизди ибадаттан, тоободон, Алланын ырайымынан умут уздуруу жана илим-билимден жана жумуштан алагды кылуу учун аракеттенгендердин айтканына, жазганына дароо ишенебиз. Ал эми баарыбыздын Жаратуучубуз, Падышабыз Алланын айтканына конул бурбайбыз!

Мына азыр сага Алла Таала: «Сени кечиремин, сага ыйрайым кылайын» деп суйунчулоп, убадасын берди. Эмнеге кубанбайсын, эмнеге убадасына тескери иш кылбаган Аллага дароо бет бурбайсын? Тур, тообо кыл, мындан аркы жашоондун Алла менен бирге откор, Ал убадасында турат. » Чынында, Алла Таала макулуктарды жаратканда, Аршынын устуно : » Менин ырайымым ачуумду басып кетет» , — деп жазган».

📘 «Бакыттын сырын ачтым» китебинен.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button