alternatetext Багымдат: 04:06 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
Макалалар

ЭЛ КАЧАН БИЗГЕ ОКШОП ЖАШАЙТ?

ЭЛ КАЧАН БИЗГЕ ОКШОП ЖАШАЙТ?

«Качан биз элге окшоп жакшы жашайбыз! Ушул сөздүн айынан далай үй-бүлө бузулуп, далай адам бактысынан ажырайт. Көп аялдар бул сөздөр эркектерге кандай катуу тиерин билбейт өндөнөт. Минтип тияктагы же динден, же салттан кабары жок бирөөлөр айтса мейли эле. Өкүнүчтүүсү, муну угуп жаткандар менин диндеш жана улутташ бир туугандарым.

Оо, менин Аллахтын бар жана бир экенине ишенген эжем жана карындашым! Элдин жашоосу тээ Адам ата, Хава энеден бери эле окшош эмес, кыямат кайым болгончо окшошпойт дагы. Деги сен «эл» деп кимди айтып жатасыӊ?! «Качан биз элге окшоп жакшы жашайбыз?» деп айтуудан мурда сыртка бир көз жүгүртүп алчы. Тигине, төрт кабаттуу, заӊгыраган оорукана. Сыртынан карасаӊ кооз, ичин да көргүӊ келет. Бирок, Кудайым ага киргилик кылбасын. Сен айтып жаткан «элдин» бир бөлүгү ошондо. Кудайдан ден-соолук тилеп, эртеӊки таӊды көрөр-көрбөсүнө ишеними жок. Бирөөлөрү өзү тамактана албайт, бирөөлөрү даарат ушата албайт. Сен кантип киргизип, кантип чыгарып жатканыӊ менен ишиӊ да болбогон абаны өз алдынча дем ала албай, аппаратка муктаж болгондоручу… Эми өзүӊө суроо бер, элден жакшы жашап жатасыӊбы же жаман…

Тээтигине эки метрден ашкан бийик дубалы тикендүү зым менен айланта курчалган абак, түрмө. Төрт тарабы сызы чыккан кара дубал. Эки кадам ары, эки кадам бери басса башы дубалды сүзүп, эркиндикке зар болуп бирөөлөр отурат. Бири жаӊы төрөлгөн перзентин көрө албай, бири каза болгон атасына топурак сала албай капастагы куштай. Булар да сен айтып жаткан «элдин» бири. Эми өзүӊө суроо бер, элден жакшы жашап жатасыӊбы, же жаман…

Кечээ күнү жол кырсыгынан бир аял үч баласынан бирдей ажырып калыптыр, интернеттен окудум деп өзүӊ айтпадыӊбы. А тиги кошунаӊчы, күйөөсү кокус өлүп, чиедей үч баласы менен жесир калды го. Андан аркы үйдөгү Батма эмне үчүн үч күндөн бери көрүнбөйт? Аны күйөөсү ичип келип көзү-башын көгөртө сабаптыр. «Элден» уялып сыртка чыгалбай отурат экен. А, баса, мүмкүн сен тиги эки кабат үйү, эки жолтандабас унаасы бар Бекмуратты «эл» деп жатсаӊ керек. Сен анын аялы ашказанынан рак экенин унуттуӊбу? Ага мындай үйдөн ону болсо да арзыбайт. Ал азыр бир күн болсо да жашоону самайт. Мына сен айткан «элдин» жашоосу ушундай. Эми өзүӊө суроо бер, элден жакшы жашап жатасыӊбы, же жаман…

Тээ деӊиздин ары жагында ачкалыктан адамдар кырылып жатат. Же тирүү, же өлүк эмес, ач-арык, бутуна туралбай миӊдеген адамдар жашоо кечирип жатат. Арыктайм деп фитнеске жөнөгөндө ошолорду бир эстеп койсоӊ ашыкчалык кылбас. Дүйнөдө, жашоодон бактысын таппаган, укугу тепселген, курсагы тойбогон, күйөөсүнөн запкы жеген, балалуу боло албаган, айыкпас ооруга кабылган, кыскасы, айта берсе түгөнгүс түрдүү көйгөйлүү аялдар бар. Сен айтып жаткан «элдин» жашоосу ушундай.

Менин сүйүктүү эжем, жана карындашым! Сен миллиондогон аялдарга караганда жакшы жашап жатасыӊ. Ошон үчүн «Биз качан элге окшоп жакшы жашайбыз?» дебей, «Эл качан бизге окшоп жакшы жашайт?» деп айт. Сүйлөмдө эки эле сөздүн орду алмашышы мүмкүн. А бирок, жашооӊ түп тамырынан жакшы жагына өзгөргөнүн көзүӊ менен көрөсүӊ…

«Капаланба», «Бакыттын сырын ачтым» ж.б. китептердин автору Ааид ал-Карнинин «Ааламдагы бактылуу аял» китебинин негизинде жазылган жаӊы китептен бир үзүм. Кудай буйруса, китеп жакын арада жарыкка чыгат.

👤Алайчы Сейитбеков

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button