alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ысык-Көл облусунда уюштурулган «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинары Ысык-Көл облусунда жыйынтыкталды.

Саамалыктын жыйынтыгында  облустук казыят ар бир райондон үчтөн имамды алгылыктуу ишмердүүлүктөрү үчүн “Ардак грамота” менен сыйлады. Ал эми жалпы катышуучуларга “Билимдүү имам” аттуу эки күндүк окуу семинарын аяктагандыгын тастыктаган сертификаттар берилди.

“Элибиз, жерибиз жана мамлекетибиз үчүн эмгектене берели. Эң башкысы Жараткан Алла Тааланын ыраазычылыгына жетүү.  Алган билимиңиздерди туура пайдаланып, карапайым калкыбызга жеткириңиздер”,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button