alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомМакалаларРубрикасыз

Ыйык Рамазан айынын урматына Сузакта 230 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Бүгүн, 19-апрелде Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты менен биргеликте Ыйык Рамазан айынын урматына кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү.

Иш-чарада Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу  Кызыл-Туу айыл  аймагындагы 230 үй-бүлөгө азык-түлүк  таратылды.

Азык-түлүк Жалал-Абад облусунун казысы Нематтулла ажы Жээнбеков, шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышов жана айыл аймактын кызматкерлери, айыл аксакалдарынын катышуусунда таратылды.

Жардам алган жергиликтүүлөр демөөрчүлөргө, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Майрамдык баштыкчанын ар биринде 10 кг ун, 5 литр май, 5 кг күрүч, 5 кг кум шекер, 5 кг макарон, 2 кг печенье, 1 кг курма жана 1 литр кайнатылган сүт, бир куту чай салынган. 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button