alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:53 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларТурмуш таалимдери

ЖАШТЫГЫҢДЫ КАНДАЙ ПАЙДАЛАНДЫҢ?!

ЖАШТЫГЫҢДЫ КАНДАЙ ПАЙДАЛАНДЫҢ?!

✍🏻Аллахтын алдына барган кезде беш нерсеге жооп бермейинче бир кадам да алдыга жыла албайсың.

📍 Биринчи: Аллах берген аздыр-көптүр өмүрдү кайда жумшадың.

📍Экинчи: Аллах берген күч-кубаттуу жаштыгыңды кандай пайдаландың.

📍 Үчүнчү: мал дүнүйөңдү кандай жол менен таптың.

📍Төртүнчү: ошол тапкан мал-дүнүйөңдү кандай иштерге сарптадың.

📍Бешинчи: Билген илимиңе кандай амал кылдың.
Мына ушул беш нерсени эстеп , кандай жооп бере алам деп жашы жетмиштен өткөн аксакал оор үшкүрүнүп сөзүн баштады.

Эх, жаштык кез жалынданган учур. Күч — кубатың кайнап, ташты чайнасаң майдалап, жүрөктөр жанып , көзүң, кулагың өзүңө ээ болбой багыттын жибин кайда бурсаң ошол жака кете берген учур. Өмүрүмдүн кырчылдаган күндөрүн пайдасыз мөөнөттөргө кеткенин мынтип эми билип олтурган убагым. Кайсы эле нерсенин даамы, таттуусу өз убагында болот турбайбы. Денең соо, белиң түз, бутуң чуркаган, суунун ысык — суугун сезбеген ден — соолугум эми болгондо Жаратканга болгон кулчулугумду, ибадатты кандай гана ырахат менен кылмакмын. Намаз окуу деп канча досум, тууганым чакырды. Бир убагын гана үйрөнүп анан окуймун, мына окуймун , беш убак кыйын окшойт, үйрөнүп алайын деп өзүмдү алдап жатып, убакыт өмүрүмдү кескени калыптыр. Жараткан: » Эй, пенденем сага ден — соолук, жаштык бердим эле мен үчүн ибадат кылбадың, эми бергенимди алдым » — деп жазасын бердиби бутум катуу ооруп бир убак намазымды да олтуруп окуй турган болуп калдым. Беш убак намазымды туруп окуй турган кайран гана жаштык күндөрүм. Бирок али да кеч эмес кандай болсо да Жараткандан:» пендем тоодой күнөө кылса да тооба кылып менден кечирим сураса кечирем «деген убадасынан үмүт кылып, күнөөлөрүмдү кечирүүсүн сурап, күчүмдүн жетишинче аракет кыла берем.
Мен муну менен жаштарга эмнени айткым келди. Келүүбүз да Аллахтан, кетүүбүз да Аллахка жаштар жаш өмүрүңөрдү текке кетирбей пайдалуу илим алып, Жараткандын буйругуна бекем болуп, ибадатты өз убагында көгөртүп, жемишин эки дүйнө бакытына жете турган кылып алгыла. Балким бул мүмкүнчүлүк кимгедир берилип, кимгедир насип кылбай калат…

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button