alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Тынчтыкбек ажы Шаиков: Үй — бул бир элди эл кылган улуттук жана руханий нарк, салт-санаа жана үрп-адаттарды үйрөтүүчү мектеп

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда облустун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасы менен  кылмыштуулуктун, диний экстремизмдин алдын алуу максатынжа семинар өткөрүлүп, ага РИИБ, УКМК, райондук администрация жетекчилиги, айыл өкмөт кызматкелери, мугалимдер жана дин кызматкерлери катышты.  

Сенинар алкагында Ноокен РИИБ жетекчиси Алтынбек Мусаев жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, сууга чөгүүлөрдүн, суициддин алдын алууда биргелешип иштөөгө чакырды. Ал эми райондун акиминин орун басары, балдар иштери боюнча төрайым Зияда Юлдашева бардык көйгөйдүн чечидүүсү үчүн бир денедей иш алып баруу керектигин айтып, түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

«Ар бир улуу адамдын артында аял киши турат. Коомчулукту оңдоодо аялзатынын орду чоң. Аял киши үйдөгү ордун жакшы билип, жоопкерчиликтерин так аткарса, андай аялга бейиштин бардык эшиктери ачык. Хадисте: «Кайсы аял беш убак намазын окуса, орозосун тутса, уяттуу жерин сактаса, күйөөсүнө баш ийсе, ага Кыямат күнү; «Бейиштин өзүң каалаган эшигинен кир» деп айтылат»-деп келет. Демек, биздин энелерибиз илимдүү болсо, балдарыбыз билимдүү, коомубуз билимдүү болот»,-деди баш имам хатиб.

Муну менен катар Ноокен районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков үй-бүлөдөгү тарбияга маани берүү керектигине токтолуп, ата-эне балдары үчүн кам көрүүсү керектигин баса белгиледи.

«Үй — бул  бир элди эл кылган улуттук жана руханий нарк, салт-санаа жана үрп-адаттарды үйрөтүүчү мектеп. Жаратканды жана мекен алдындагы милдеттерибизди алгач ушул мектептен үйрөнүшүбүз керек. Мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымыбыз жакшы пайдубалы бекем үй-бүлө куруу менен башталаарын унутпайлы! »,-деди Тынчтыкбек ажы Шаиков.  

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button