Жаңылыктар
Ажылардын алгачкы тобу Мединага сапар тартты
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Арабиясына жөнөп кетишти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.
“Алгачкы топто 405 жаран учуп, аларды 8 ажы башчы жана 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, дарыгерлер коштоп кетишүүдө”, — деп айтылат маалыматта.
Аллах Таала мекендештерибиздин ажылыгын кабыл кылсын! Сапарларын байсалдуу кылып, аман-эсен барып келишин насип кылсын!