alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Манас районунун имамдары менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Манас районунун имамдары менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Облус казысы дин кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирүү менен эл арасындагы ысырапкерчилик, терс диний агымдардын алдын алуу керектигин айтып, элдин ыйманын бекемдөө керектигине токтолду.

“Биз бир туугандыкты, достукту жана ынтымакты шарият көрсөткөн тартипте бекемдешибиз керек. Ислам тынчтыктын дини. Андыктан биздин башкы максатыбыз тынчтыкка чакыруу. Жаштарыбызды ыймандуу, адептүү кылсак, келечегибиз мыкты болуп, терс кадамдарга кадам таштабайт”,-деди облус казысы.

Муну менен катар Сулумбек ажы Узеналиев эл арасындагы ысырапкерчиликке токтолуп, бул жаатта түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин тапшырды.

Жыйындын соңунда Манас районунун имамдарынын ишине облус казысы жакшы деген баасын берип, мындан ары ар бир ишти казыят колдоого алаарын билдирди.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button