alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев 4-апрелге чейин каттоодон өтө элек мечиттердин документтерин даярдоо тапшырмасын берди

Талас облусундагы  мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев райондордун баш имам-хатибтерине жыйын өткөрдү.  Облус казысы Талас аймагындагы документтери бүтө элек мечиттерди 4-апрелге чейин толук каттоого даярдоо керектигин билдирди.

«Ар бир диний жааттагы курулушка маани берип, документтерин дароо бүткөрүү керек. Муну менен катар эл арасында дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,  үй-бүлө, бала тарбиясы, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча баяндамаларды жасайлы!»,-деди облус казысы.

Эскерте кетсек, Талас облусунда документ иштери бүтө элек 31 мечит бар болсо, аларды мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө даярдык жүрүүдө.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button