alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Сулумбек ажы Узеналиев Талас облусунун мусулмандар казысы болуп дайындалды

Талас облусунун  мусулмандар казысы болуп Сулумбек ажы Узеналиев  дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев жаңы дайындалган Талас облусунун мусулмандар казысын жалпы эмгек жамаатка тааныштырып, ишине  ийгиликтерди каалап, казыят, хатибият жана аймактагы дин кызматкерлери менен биргеликте элибиздин руханий жан дүйнөсүн агартууда бардык мүмкүнчүлүктү жумшоо керектигин билдирди. Муну менен катар Азирети Муфтийдин орун басары  элибиздин ынтымагын, биримдигин бекемдеп, улуттар арасындагы достукту чыңдоо керектигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Талас облусунун мурдагы казысы ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган.

УЗЕНАЛИЕВ СУЛУМБЕК ДИЛДЕБЕКОВИЧТИН ӨМҮР БАЯНЫ

Узеналиев Сулумбек Дилдебекович 1977-жылдын  29-майында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында жарык дүйнөгө келген.

БИЛИМИ:

1983-1994-жылдары Талас облусунун Кызыл-Октябрь айылындагы орто мектепти аяктаган.

1994-1998-жылдары Талас облусундагы «Али ибн Абу Толиб» медресесин бүтүргөн.  

1998-2000-жылдары  Бишкек шаарындагы «Расул Акрам»  Ислам институтунун  шарият факультетин ийгиликтүү аяктап, 2004-жылга чейин Горган шаарында билимин жогорулаткан.

2012-2014-жылдары Бишкек Гуманитардык университетинин Чыгыш таануу факультетинде магистр.

2019-жылдан тарта И. Арабаев атындагы КМУде аспирант.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

2004-жылдан бүгүнкү күнгө  чейин  Кыргызстан Ислам Университетинде мугалим.

2021-жылдын 26-июнунда өткөн Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайында Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп бекитилген.  

2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин имамдык кызматты аркалап келет  

Үй-бүлөлү, эки уул, бир кыздын атасы.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button