alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:48
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Сайдамир ажы Жейналиев Кара-Суу районунун тургундарына мазхаб кармануунун зарылдыгы боюнча маалымат берди

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев аймактарды кыдыруу иш-планынын алкагында Кара-Суу районуна барып, Кара-Суу шаарындагы «Исмаил Ата» мечитинде шаар жана район тургундары менен  жолугуп, мазхаб кармануунун зарылдыгы боюнча баяндама жасады.

«Мазхаб кармануу кээ бирлер айткандай бөлүнүп-жарылууга эмес, тескерисинче биримдикке алып келет. Биз жүздөгөн жылдардан бери Ханафи жолун карманып келебиз. Ата-бабабыз карманган жолду чанып, ахли сүннөттүн сыртына чыгып, салттуу эмес жолдорго баш уруу жакшылыкка алып барбайт, – деди облус казысы.

Сайдамир ажы баяндама соңунда мекенге бүтүндүк, тынчтык жана береке, ал эми элибизге биримдик, сабыр жана күч-кубат тилеп дуба кылды.   

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button