alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларРубрикасыз

ӨЛҮМГӨ ДАЯРСЫҢБЫ? ….

— Кызыык …

Адам баласы «өлүм» тууралуу сөз угуп калса, ошол убакта өлүм келе-калчуудай,
деми кысылып, ырааңы өзгөрө чыгат …

Жоок….Жооок … !

Өлүмдүн келүүсү ,
аны эске алууга байланыштуу эмес !

«Ал болгону,
белгиленген убакытта,
белгиленген жерде ,
эч бир кечигүүсүз жетип келет  ..!»

Ойлонуп көрсөң ?

«Сага, эртең бул дүйнөдөн өтөөрүң тууралуу кабар жетти …
Бүгүнкү күнүң өмүрүңдөгү эң акыркы күнүң экенин анык билесиң ..

Эртең болсо «О, дүйнөлүк болосуң!
Ушуну менен бүттү …

Көздөрүңдүн карасы,
таш сыяктуу катып,
муз сыяктуу тоңуй түшөт …

Өмүрүңдүн акыркы секунддары …
ошол учур, кайсы нерсени аткармаксың ?

Ал кезде эмне кылаарың,
кимди эстээриң оюңа келе түштүбү ?!

Ошол учуруңду элестетчи …

Өлүмгө :
«Сенин эмнеге жетишкендиктериң,
тууган-туушкандарың сен үчүн эмнелерге жетишпей калгандыгы да маанилүү эмес !»

(Сен бул дүйнөгө жараламын деп ойлодуң беле ?
Ага ойлонууну кажети жок..
Бул дүйнөдөн сааты келип чыгып кетем деп ойлонуу — зарыл маселе !)
Сен бул дүйнөгө,
ойлобогон жерден келгениң сымал,
ойлонбогон жерден бул жашоодон чыгып кетесиң …

Кайра келбейсиң !
Бул жашоо аманат,
ал бир ирет гана берилет !

Өлүм тандоо менен талдоого
муктаж эмес  !

Өлүмдүн көздөгөн бир гана максаты бар..
«Ал тандоо, Сен !»

Өзүңдөн дагы сурап көрчү ?
«Сен качан өлүмгө даяр болосуң ?..
Качан ?? ..

…………………..Ээч качан ! »

Өзүңдөн дагы да сурачы ?

Өлүм акыйкат экенине ишенесиң,
андан кийин жашоо бар,
акыйкат ага ишенесиңби ?

Убактылуу жыргалчылык,
убактылуу азгырык менен лаззат
алып түбөлүк каламын деп ойлойсуңбу !?

Сени жараткан,
мени жараткан Кудуреттүү
Аллах Таала айтты :
«Бал ту’сируунал хайаатад-дунйаа !
Вал аахироту хойрув-в абико !
Жок, Силер дүйнө тирүүлүгүн бийик коёсуңар !
Акыйкатта акырет жашоосу
жакшыраак жана түбөлүктүү !»
(Ъала — 16,17).

Улуу сахааба азирети Али  родияллоху анху керемет бир сөз айткан :
«Бул дүйнөдө амал бар,
бирок эсеп берүү жок..
Акыретте амал жок,
бирок эсеп берүү бар!»- дегенин эстечи ..

Сен мусулман баласы болсоң
дал ошол учурда,
Аллахтын астында турууга¹
даярданууң керек !

«Силердин араңардан
эң эле акылдууңар,
өлүм келе электен алдын
өлүмгө даярданганыңар ! »

Убакыт эмне экенин билесиңби ?

Убакыт өтүп, күнүң өткөнүнө кубанба !
Ал баа жеткис неъмат-жакшылык !

Сен уйку кучагында жатканыңда,
убакыт өз кемеси менен сүзүп барат …

Сен дүйнө менен алек болуп жүргөнүңдө,
убакыт зымырап учуп барат !

Бул дегени — убакытың кайра кайрылып келбес жакка кетип баратат дегени !

Бүгүн ибаадатка келип,
тообо кылып үлгүрбөсөң сага
экинчи ирет мүмкүнчүлүк берилбейт !

“Өлүмдөн коркпо !
Бекер кеткен өмүрдөн корккун !”

Өлүм тууралуу окуя :
*Бир жигиттин кесиби
балыкчы экен ..
Балык кармап,
үй-бүлөө багып жүрүп,
күндөрдүн биринде балык алып келет.. Аны пышырмакчы болуп,
казанга салаардан алдын балыкты тазалап, ичин жарса,
балыктын ичинен
ушунчалык кымбат баалуу таш чыгат.

Жигит ойлонуп:
«Бул чындыгында баалуу таш!
Эми муну базарга алып барып сатайын, акчасын үй-бүлөөмө жумшайын !»-деп алтын-күмүш сатылчуу
базарга алып жөнөйт..

Таштын ушунчалык кымбаттыгынан, баалуулугунан бир да адам
сатып алалбай коёт ..

Башка базарга алып барып көрүңүз
деп кеңеш беришет ..
Чындыгында Аллах Таалам
кымбат асыл-таш берип койгон болчу..

Ошентип жанагы киши башка жерге алып барса ал жердин адамдары да адилеттүү экен:
«Чындыгында муну биз сатып алууга акчабыз, мал-мүлкүбүз жетпейт,
Сиз муну падышага,
Мамлекет башчысына алып барыңыз, балким падыша алаар !?»- деп айтышат..

Ошентип жанагы киши
Падышага асыл ташты алып барат.
Аны падышага көргөзсө
таш кымбат баалуу,
ушунчалык сулуу болгондуктан падышага да аябай жага түшөт ..

Падыша айтат:
«Сен муну мага бергин,
мен сага анын (акысына)
алты саат убакыт берейин ..

Мына бул менин казынамдын ачкычы .
Казынаны ачкын да,
алты сааттын ичинде
эмнени кааласаң ошол сеники,
аны алып чыгып кете бергин !

Эгер убакытың (6 саат аяктаса) желдеттерим сени сыртка сүйрөп алып чыгып салат, убакыт кетти !»- деп
жигитке мөөнөт берет ..

Жигит да маакул болот.
Чынында Падышанын казынасы да
чоң жана көп байлыгы бар болчу ..

Ошентип жанагы жигит
казынаны ачып казынага кирсе, ушунчалык даамдуу тамак-аштар
даамдуу суулар бар экен,
аларды жеп, курсагын тойгозуп,
саатты карайт ..
Саат «алты сааттын — эки сааты өтүп,
төрт саат убактысы калыптыр ..

Адам баласы курсагы тойгондо
эмне болот ?
Уйкусу келет да туурабы ?

Уйкусу тарткан жигит,
башын жөлөп жаздана жатат да ойлонот :
«Менде төрт саатым бар ..
Азыр эки саатын уктап эс алайын да,
калган эки саатта
алтын-күмүштөн толтура,
тамак-аштан толтура ташып
чыгып кетүүгө да үлгүрөмүн ..»-деп ойлонуп жатып,
көзү илинип кеткенин байкабайда калат.

Бир убакта чочуп ойгонуп ,
айланасын карасы талаада жатыптыр ..

Алты сааты өтүп,
качаан эле Падышанын желдеттери сыртка алып чыгып коюшкан экен ..

Бул окуядан эмнени айткым келди тууганым ..
Ошол сыяктуу бул ааламда,
каалаганча уктап,
курсак тойдуруп, кайра уктап,
кайра курсакты тойдуруп коюп жүрүп,
бир көзүңүздү ачып-жумсаңыз
Кыямат күнүнүн Падышасы,
Аллах Тааламдын периштелери
бул дүйнөдөн акыреттик дүйнөгө
алып чыгып койгон болбосун !

«Бул дүйнө, бала-чака, мал-мүлк булардын баары фитна² !
Адам баласынын көзүнө кооз кылып көрсөтүлүп коюлган !»

Эмне үчүн ?
Анткени бул сыноо дүйнөсү !

Тапкан мал-мүлктөн Аллах жолуна садака-зекетке иштетеби жокпу ?!-
ошону сынайт !

Бирөө бизге келип :
«Дүйнөгө берилбеш керек !”- дегениңерден иштебей койдум эле,
бала-чакам ачка калды дейт )))..

Туура түшүнүңүздөр !
Иштеңиз,
жумуш кылып себебин кылыңыз !

Пайгамбарыбыз деле жумуш кылган !
Пайгамбарыбыз деле кой баккан !
Пайгамбарыбыз деле сапарга чыгып,
кербендерде соода-сатык кылып
иш кылган !

Мында талаш жок !

Талаш, дүйнөгө берилүү
Динди таштап туруп,
дүйнөгө сүңгүп кирип кетүүдө !

Соода-сатык кыласызбы
шарияттын негизинде,
эмне жумуш кылбаңыз
шарияттын негизинде кылыңыз,
эки дүйнө бактылуу болосуз !

* Кыяматта Аллах Таалам
кээ бир тозокко түшүп калган мусулмандардын баарын
Бейишке чыгарат ..
Бир жолу :
«Лаа Илааха Иллаллоох
Аллах Жалгыз !»-деп
чын жүрөктөн айткандын баары
тозоктон чыгарылат !

Баары чыкканда денелери
күйүп күл болуп калган болот.

Ошондо,
«тозоктон ээң аккыркы чыккан
мусулман тозоктогу кыйналып жаткан адамдарды карап» айтат :
«Дүйнөдөгү ээң бактылуу адам менмин !
(Өзү тозоктон аккыркы болуп чыкты)..
Бирок, Эң бактылуу адам менмин !- дейт..

Андан ары чыгып,
күйгөн, кыйналган, чаңкаган да…
Айланасын караса,
кичине бир дарак өсүп туруптур.
Аны көрүп калып айтат :
«Оо Аллах ?!
Уруксат бересиңби,
тээтиги дарактын астына барып
бир аз салкындап алайын ?
Күйдүм, ысып кеттим, чаңкадым ??»-
деп жалбарып суранат ..

Аллах Таалам айтат :
«Башка эч нерсе сурабайсыңбы ?»..

«Оо, Аллахым ?!
Чыннын айтам башка эч нерсе сурабаймын,
ошол дарактын көлөкөсүнө жетип алсам боолду эле ?»-дейт..

Аллах Таалам уруксаат берет ..

Жанагы тозоктон
аккыркы болуп чыккан мусулман дарактын астына барып,
айланасын караап,
эки жагына көз салып олтуруп,
бир ааз андан алысыраак жерден
андан чоңураак өсүп турган даракты
көрүп калат да, айтат :
«Эй, Аллах ??
Бул дарак тозокко жакын экен..
Тозоктогулар чыңырып-бакыргандары
угулуп жатат,
анын үстүнө сассык жыт чыгып жатат.
Уруксат берчи суранам,
тээтиги даракытын көлөкөсү чоңураак экен, ошол жерде эс алайынчы ??»-деп жалынып-жалбарат ..

Аллах Таалам айтат:
«..жана эч нерсе сурабаймын башка дебедиң беле ??»..-десе
жанагы киши
— «Эми мындан башка
эч нерсе сурабаймын ,
ошол дарактын астына барып эле олтурсам болду ??»-дейт ..

Аллах Таалам уруксаат берет ..

Дарактын астына барат …
көлөкөсү чоңураак экен,
эки-жагын караап олтуруп,
алысыраак жерде андан да чоңураак дарак өсүп туруптур,
аны көрүп калат )))..

“Йаа Аллаах ?!)
Тээтиги дарак чоң экен,
бул кичине болуп калды..
Анын үстүнө шамал жок бул жерде…
Анын асты жап-жашыл чөп экен..
Таштын үстүндө олтура берип зериктим..
Уруксат берчи мага ?
Мен ошол дарактын астына барып
жатып турайынчы, суранам ?- деп
жалбарып туруп алат …

Аллах Таалам айтат :
“Йа пендем ?
Сен дүйнөдө ушинтип
дүйнөнүн артынан чуркап жүрүп
адашып калбадың беле ?
Бирисине жетип, экинчисине жетсем деп жүрүп тозокко түшүп калдыңго ?
Ээх пендем, пендем !
Жана эле Башка эч нерсе сурабаймын деген элеңго ??”- десе айтат:
«Ээ Аллаах, суранам !»-деп
көгөрүп туруп алат ..

Аллах Таалам ага да уруксаат берет ..

(Чын эле бул дүйнөдө
машинабыз жок болсо матиз болсо болот эле дейбиз ..
Матизи барлар Фитке алмаштырып
алсам соонун болмок да …

Фити барлар андан чоңураагына жетем деп нийет кылат …
Дагы машинам болсо,
ушуну минип алып дааватка чыгам )))
Үйүм 2 этаж болгондо,
дааваттан келгендерди,
жамааттарды тосот элем )))-дейт)..

…Ошентип,
Чооң дарактын жанына барып,
жашыл чөпкө ээми жатайын дегенде,
Бейиштин дарбазасын көрүп калат .
«Ооххоо-о!
Мынакей керемет турбайбы !
(дүйнөдө Бейиш, Тозок бар деп
анча-мынча бирөөлөрдүн
айтканын угуп калчуумун ..
Бирок ишене албай жүргөм,
ээми акыйкатты көрдүм !)
Йа, Аллах !?
Уруксат берчи мага,
тээтиги Бейиштин дарбазасынын жанына
барып эле турайын,
эчч нерсе кылбайм,
жөөн эле дарбазаны караап турам ??»- дейт ..

Азыркы күндө :
«Бишкекте жүрүп,
ак үйдүн жаннынан өттүм !
Эки солдат менен selfy кылдым !»-дейтко )))

Ал бечара,
Жаннаттын дарбазасын көрүп
каанча кубанып жатат
элестете албайсыз…

Аллах Таалам ага дагы уруксат берет ..

Ошентип Бейиштин дарбазасынын жанында туруп, кичинекей тешиктен
бир көзү менен
Бейиштин ичине карайт..

Караса эле ичкериден Ма шаа Аллах !)
Шаркырап аккан дарыялар,
хан сарай, хурлар )))
Өммүрү көрбөгөн,
өммүрү укпаган,
өммүрү ойлоп-ою жетпеген нерселерди көрөт да эстен тана жаздайт …

Аллага кайрылып :
«Йа, Аллах !?????
Мага уруксат берчи,
Жаннаттын дарбазасын ачып,
бир эле кадам аттаймын ..
Астанада жөөн гана жыргап-ойногондорду караап,
тамаша кылып турайын ,
ары кирип кетпеймин,
жөөн эле турамын ?»- деп суранат …

Аллах Таалам айтат :
“Эй, пендем ?!
Сен ушул Бейишти
амал кылып,
дүйнөдө сураганыңда бермекмин !
Киргин !
Ушул Бейиш сеники !
Сага башка
кайгы-капа берилбейт ! »-дейт .

Жанагы киши :
«Азилдешпе Йа Аллаах ….!?)-
деп таң калат .)))

Ошондо Аллах Таалам айтат:
«Мен Аллахмын,
тамашалабаймын !
Кир бул сен үчүн даярдалган
Жаннат багы ! »-дейт .

Ал киши, Бейиштин эшигинен киргенде
анын кенендиги
жердин көлөмүнчө экен..
Анын урматына,
Алланын Мээримдүүлүгү менен
дагы андан 10 эсе чоң Бейиштен жер кошулуп берилет, Аллоху Акбар !

Караңаздар туугандар /
Бир жолу «Аллах Жалгыз !» -деп
келме айтып койгону үчүн
Ушунчалык сыйлык берилди !
Ал киши намаз да окуган эмес,
орозо да туткан эмес !
Бир дагы Аллахтын өкүмүн
аткарган эмес эле !
Бирок бир жолу: «Аллах Жалгыз !»-
деп айткан сөзү Бейишке киргизди.

Аллахтын астында ыйман канчалык бийик тураарын көрдүңүздөрбү !

Аллахтын казынасында
Эң кымбат нерсе бул — «Хидаят !»
Аны Аллах Таалам
сүйгөн пенделерине гана берет !

Нух Пайгамбардын аял-баласына
берилген эмес !

Ибрахийм Пайгамбардын
атасына берилген эмес !

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад
саллаллоху алайхи ва салламдын
сүйүктүү абасы Абу Талибке дагы берилген эмес бул нерсе !

Эң кымбат,
эң баалуу нерсе бул тоофик,
эң баа жеткис нерсе бул — Хидаят !

«Сиз келме айтып,
ыймандын негизинде жашап
жаткандыгыңыз үчүн башкалар
(динсиздер) андан пайдаланып жатышат!

«Бул дүйнөдө эң аккыркы мусулман
өтсө, бир дагы Аллах деп жашаган
мусулман калбаса,
Аллах Таалам ошол убакта
кыямат баштайт !

Бүгүнкү күнү кээ бир динден алыстар:
«Мусулмандар караңгы,
тигиндей-андай дешет …
Чындыгынды мусулмандардын берекетинен жашап жаткандарына
алардын акылы жетпейт !»

Өлүм учурунда дагы,
Бул жашоодо дагы,
кабырда дагы,
Бейиште дагы,
Тозокто дагы,
Махшарда дагы ,
баардык жерде адамды бир гана нерсе бар бактылуу кыла турган !
Ал — «Ыйман !»

Аллахтын астында
эң кымбат нерсе бул — Ыйман !

Азыркы дүйнөдө,
менмин деген корольдуктар,
менмин деген падышачылыктар,
менмин деген мамлекеттер өздөрүнө
президент (падыша)
шайлаганда,
канча кылымга шайлайт ?

1 кылымбы ?
Же эки кылымбы ??..

«5 эле жылга шайлашат туурабы ,?»

Ал эми «Ыйман!» ар бир адамды түбөлүккө падыша кылат !
Дин, кыяматта адамдарды Бейишке
кирээри менен Ал жерге Өкүмдар кылат!

Дин адамды эки дүйнө бактылуу кылат !

Ким ыйманды өзүнө алса гана !

Бир жолу Аллах деп койгон адамга
Бейиш берилип жатса,
Өкүмдөрүн аткарып,
Аллах жалгыз ! -деп жашаган
акыркы Пайгамбардын үммөттөрүнө
кандай сыйлыктар даярдалып
коюлган экен ээ ?

Бүгүндөн баштап,
азыртан баштап келгиле баарыбыз
намазга жыгылайлы  !
Келгиле баарыбыз Куранды үйрөнөйлү !
Келгиле Мечиттерге көп-көп каттайлы ! Вилка, кашык, тарелка алып келип, дарстаркондун үстүндө олтурабыз сааттап, (олтурба дебейбиз) олтура бериңиз … Бирок ошончолук жайнамаздын үстүндө олтурбай калбадыкпы ??   Сааттап, түнү менен, саартан кечке телефон, интернет, телевизордон сериял көрүү менен өмүрүбүз өтүп бара жатат, бир ирет берилүүчү жаштыгыбыз өтуп бара жатат, (мейли карай бериңиз!) Бирок, ошончолук Куранды ачпай, куранды окубай калбадыкпы !? Катасы болсо айткыла !

Дааватчылар жумасына
жок дегенде бир жолу
сөзсүз келсе керек ар бирибиздин үйүбүзгө туурабы ?

Мечитке :
«Акыретке даярданайлы ..»-деп
суранып чакырышат ..
(Азыр артыңардан барам,
же Шамга барамын деп кутуласыз)))

Бирок тууганым,
Азрайил алайхис салам
өлүм периштеси келип,
жарым саатка дебейт,
үч күнгө кеттик,
төрт айга кеттик деп айтпайт!

Өлүм периштеси түбөлүк
кайра кайтып келбес жакка чакырат !

Үч күн даават көзүбүзгө көп көрүнөт,
үйдөгүлөр менен коштошуп жиберебизге бир жылга бара жаткандай)

Өлүм периштеси
түбөлүккө таргип³ кылып,
түбөлүккө ташкил⁴ кылат !

Мисал айтайын:
Тозокто көп жылдардан бери азапталып жаткандардан :
«Азап токтотулат,
ким үч күнгө дааватка чыгат !?»-
деп суралса,
Тозоктогу адамдардын баары
ордунан туруп,
керек болсо 4 айга нак болсо
керек эле ээ ??)
үч күн аз депчи )))…
4 ай да аз, Өмүр боюга дейт эледа)))

Өлүм канчалык оор,,,
Кабырдын кысуусу..
Сироот көпүрөсү,
амал таразасы …
Махшар майданы …

Эх-х
Тууганым !
Сени менен Менин астымда
ушундай нерселер күтүп турат !
Сиз менен биз дагы деле
убактылуу дүйнө менен убарабыз.. Аллах Таалам ээч шашылбайт ! Күнөө кылсаңыз, ага жаза берүүгө шашылбайт ! Бир убактысы келип, өлүм учурунда «Келиме» насип кылбай, Кабырда «Кырс!» эттире кысып койсо, Периштелер бейишке эмес тозокко сүйрөп алып кирип койсо, Колуңуздан эмне келет !?

Кээде,
Кыямат тезирээк болсо экен !-
деп тилегиң келет ..

Адамдардын баары
Аллахтын астында корконунан бүжүрөйүп калганын көрөт элең ..

«Ушулар жаман күйгүздү,
дүйнө деле керек да »!-деп жатасыз да ар бириңиз ичиңизден туурабы )))…

Эх, тууганымм !
«Диин асманча керек болсо,
Дүйнө кыпынча керек !»

Жок дегенде
ушундай дейли:
«Дин асманча керек болсо,
Дүйнө кыпыннча керек !»-дейли ..

Али Оши

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”


▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒
facebook.com/Formulasy
ok.ru/formulasy
vk.com/formulasy
instagram.com/formulasy
youtube.com/FormulaKG
formulasy.blogspot.com
⚡ WhatsApp: +996700334493

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button