alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Макалалар

Саид Ибн Аль-Жумахи

Саид Ибн Аль-Жумахи

📍 САИД ИБН АЛЬ-ЖУМАХИ

Умар Ибн аль-Хаттаб бир күнү Саидди ага жардам берүүсүнө чакырды да: «Оо, Саид! Мен сени Хомстун тургундары учун башкарма кылып дайындаймын», деди. Саид: «Оо, Умар! Сенден Аллах учун суранам, мени бузбагын жана азгыбагын!»‚ деди.

Капа болгон Умар: «Ушу кантип болсун! Бул ишти (халифат) менин мойнума илип сальшты да, анан менден жуз буруп кетишти. Мен сени жайыңа койбойм», деди да Умар аны Хомстун башкармасы кылып дайындады. Анан ал: «Сага маяна (тамак-ашка) дайындайлыбы?» деп сурады. Саид: «О, мусулмандардын башчысы‚ мен аны эмне кылмак элем? Менин элдик казынадан алганым менин муктаждыктарымдан да ашып
калат», деп жооп берди. Ошондон кийин ал Хомско жѳнѳдү.

Бир аз убакыттан кийин мусулмандардын башчысына Хомстон ал ишенген бир нече адам келди. Ал алардан: «Мага өзүңөрдүн жакыр адамдарыңардын тизмесин бергиле, мен алардын кем-карчына жардам бергендей болоюн», — деп сурады.

Качан тизмени Умарга алып келишкенде‚ ал алардьш арасынан Саид Ибн Амирди тапты: «Бул кайсы Саид Ибн Амир болуп кетти?» деп сурады эле. Ага: «Бул биздин амирибиз», деп жооп беришти. Умар: «Эмне, силердин амиринер кедейби?» деп кайрадан сурады эле, алар: «Ооба, Аллах менен ант беребиз‚ мына канча күндөн бери анын үйүндөгү очогунда от күйө элек», — деп жооп беришти.

Умар ушунчалык буркурап ыйлагандыктан, аньш көз жашынан сакалы суу болуп калды. Миң динар алып, аны капчыкка салды да: «Ага менден салам айткыла дагы: «Мусулмандардын башчысы өзүңдүн муктаждыктарыңа колдонушуң үчүн бул акчаны берип жиберди», деп айткыла», деди.

Өкүлдөр капчыкты алып алышып, Саидке келишти. Капчыкты ачып карап, андан динарларды көрүп, Саид аны өзүнөн ары түртүп, мындай деди: «Инна илаха ва инна илайхи раджиун» («Албетте, биз Аллахка таандыкпыз, албетте, Ага гана кайтабыз» өлүм же оор кайгы болгондо айтылуучу сөз). Бул сөз аны азап каттап же үйүндө оор кырсык болгон сыяктуу айтылды. Саидден тынчсызданган аялы ордунан тура калып, андан: «Саид, сага эмне болду? Эмне болуп кетти? Эмне мусулмандардын башчысы өлдүбү?» деп сурады.

«Саид: «Жок, андан да жаман нерсе болду».

Аялы: «Эмне, мусулмандар согушта жеңилиштиби?»

Саид: «Жок, анда дагы жаман нерсе болду».

«Бул эмнеси, кокуй? Мындан да жаман эмне болмок эле?» — деди аялы.

«Мага дүнүйө азгырыгы келди. Менин үйүмө мени азгыруучу жамандык кирди» деп жооп берди Саид. «Анда аны жок кылбайсынбы», деп аялы, ал динарлар тууралуу али эч нерсе билбейт эле.
«Сен мага аны жок кылууга жардам бересинби?» деп сурады Саид.

«Ооба» деди аялы.

Саид динарларды капчыктарга бөлүштүрүп салды да, аларды кембагал мусулмандарга таратып берди.

Даярдаган: Махарам Муслима

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:

+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button