alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Жаңылыктар

Рамазан айында аялдарды жабык кийинип жүрүүгө үндөгөн баракчаларды илип кетишти

Ташкенттеги Беруни метросунун кире беришинен жогору жагына белгисиз адамдарыйык Орозо айында  мусулман аялдарын жупуну кийинип жүрүшүн суранган жарнактарды илип кетишкен. Аталган сүрөттү Facebook социалдык тармагындагы баракчасына Фарида Чариф аттуу колдонуучу жарыялаган.

Котормосу: «Рамазан айында эже-карынлаштарга кайрылуу. Урматтуу эжелер, аруу аял заты. Орозо кармагандарды сыйлап, сиздерден бир аз жупуну кийинип алууну суранабыз (денеңизди жапкан узун кийимдерди кийиңиз). Сиздин жүрөгүңүз таза экендигин билебиз … Аллахтын ыраазылыгы үчүн, бул кагазды үзүп салбаңыз, — деп жазылат плакаттагы.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ушундай эле баракчалар Ферганада да пайда болгон. Мына ошолордун биринин базарда илинген сүрөтү.

Балким, аялдарга арналган плакаттарды республиканын башка шаарларында белгисиз бирөөлөр чаптап коюшкандыр. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул көрүнүштү кызуу талкуулап жатышат.

Талкуунун катышуучулары ошондой эле адатта Ташкент метросунда өз каалоосу менен чапталган баракчалар тез арада алынып салынарын белгилешти. «Мага кызык болуп жатат. Эгерде, «бюджеттен уурдабагыла жана пара талап кылбагыла» деген чакырууну илип койсоңор, плакат канча мүнөт илинип турат?», — деп суроо салды колдонуучулардын бири.

Баракчада айтылган денени жашырган кийимди кийүү өтүнүчү көпчүлүк тарабынан хиджаб кийүүгө чакырык катары кабыл алынып, кескин колдогондор жана түрдүү сын-пикирлерди жаратты. Өзбекстанда дагы деле болсо коомдук жайларда хиджаб жана башка диний кийимдерди кийүүгө тыюу салынат. Бирок, өткөн жылдын күзүндө Юстиция министри Русланбек Давлетов мыйзам чыгаруу палатасынын пленардык отурумунда “Абийир эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун жаңы редакцияга сунуштаган. Бул буйрук ушул тыюуну жокко чыгарган. Бирок коомдогу канги сиңген кооптонуудан улам, азыр деле чочулоолор жок эмес…

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button