alternatetext Багымдат: 03:53 | alternatetextКүн чыгуу: 05:46 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:04 | alternatetextШам: 20:13 | alternatetextКуптан: 22:09
Суроо-Жооп

Пандемия шартында орозо кармоого болобу? Муфтий менен маек

Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев ыйык орозо айы башталар алдында АКИpress агенттигинин кабарчысы менен маек курду. Орозо айы эртең, 24-апрелде башталат.

— Аллах кандай максат менен дүйнөгө, биздин Кыргызстандын элине коронавирус түрүндө сыноо жөнөттү?

— Аллах адамдар тазаланып, оңдолуп, бири-бирибизге ырайымдуу болуп, жаратканга мамилебизди оңдоо үчүн сыноо жөнөтөт. Мындай сыноолордун чоң пайдасы бар. Биз өзүбүздүн улуттук, диний баалуулуктарыбызды калыбына келтиришибиз керек. Биз өзүбүздүн кемчиликтерибизди оңдошубуз керек. Биз дуба кылып, кайыр-садага берип, кайрымдуу иштер менен алектенишибиз зарыл.

Ошондой эле өкмөттүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарын угуп, аларга инфекцияга каршы күрөшүүдө жардам беришибиз керек.

— Сиздин пикириңиз боюнча зыяратчыларга карата өлкөгө коронавирус алып келди делген сын канчалык деңгээлде адилеттүү?

— Бул оору — Аллахтын сыноосу. Биз сабырдуу болуп, дуба кылышыбыз керек. Инфекцияны Кытай, Корея, Италия, Америкага умрадан алып барышкан жок да. Ал жакта эч ким муну дин менен байланыштырган жок. Бул өлкөлөрдө миңдеген адам көз жумду. Кудайга шүгүр, бизде мындай болгон жок. Бизди Аллах сактасын. Кошуна Казакстан жана Өзбекстанда күн сайын көптөгөн адамдар умрага барышат. Ал жерге бүткүл дүйнөдөн барат. Биз пикирибизди абайлап айтуубуз абзел. Баары Аллахтан, адамга оору жугушу мүмкүн, жукпашы да мүмкүн.

Умрага баргандар Дубай аркылуу үйлөрүнө кайтат. Дубайдагы аэропорт дүйнөдөгү ири аэропорттордун бири, ал жерге бүткүл дүйнө жүзүнөн барган учактар конот. Каттамын 5-10 саат күткөн жүргүнчүлөр бар. Балким ошол жерден оору жуктурушту. Ошондуктан алар кичи ажылыкта оору жуктурду деп айыптоо туура эмес. Мунун айынан адамдарды коркутуп, динди каралоо — соопчулук иш эмес, Кудайдан корккула! Коронавирустан башка да коркунучтуу оорулар бар, рак жана башкалар. Аллах бизди сактасын, ал эми ооруп калгандар батыраак сакайып кетсин.

— Жума күнү, 24-апрелде ыйык орозо айы башталат. Ооз ачуу уюштуруу кантип чектелет?

— Орозо кармоо — исламдагы 5 парздын бири жана мусулмандар милдеттүү түрдө кармашы керек. Кырдаал жакшырганга чейин орозо кармагандар ооз ачууну үйүндө өткөрүшү зарыл. Ошондой эле намаз да үйдө окулушу кажет.

— Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы муктаж адамдар үчүн кандай иштерди жасап жатат?

— Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы биринчилерден болуп коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 700 миң сом которду. Фирмалардын бири менен муктаж адамдарга 3,5 млн сомго ун тараттык. Өлкө аймагында меценаттар менен бирге аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк жактан жардам берип жатабыз. Ошондой эле тосмолордо иштеген мамлекеттик органдардын кызматкерлерине тамак уюштурдук. Кайрымдуулук иштер улантылып жатат.

— Сизде чет өлкөлөрдө Кыргызстандын канча жараны дааватта жүргөнү тууралуу маалымат барбы?

— Муфтият чет өлкөгө дааватка кеткендер үчүн жооп бербейт.

— Ушундай шартта орозо кармаса болобу? Иммунитетти көтөрчү убакта медициналык жактан кооптуу эмеспи?

— Буга чейин айткандай, орозо кармоо — исламдагы 5 парздын бири. Мындай учурда Аллахтан күнөөлөрүбүздү кечирүүнү, кетирген каталарыбызды оңдоону суранышыбыз керек. Ал эми медициналык жактан алып карасак, анда орозо кармоо пайдалуу. Эгер туура кармасак — эртең менен жакшы тамактанып, кечке чейин орозо кармашыбыз керек. Орозо убагында жакшы тамактангандыктан иммунитет көтөрүлөт. Ал эми ооруп жаткандарга шариат боюнча орозо кармабоого уруксат берилет.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button