Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов орозо кармоо ар бир дени сак, акылы жайында аял-эркекке парз болуп саналарын белгиледи.
Орозо кармоо жөн гана тамакты чектөө эмес, башкаларды капа кылуудан, арам оокаттан, жаман сөздөрдөн тазалануу болуп саналат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов билдирди.
Анын айтымында, Орозо кармоо ар бир дени сак, акылы жайында аял-эркекке парз болуп саналат.
«Орозодон боюнда бар аялдар, этек кири келип жаткан кыз-келиндер, эмчек эмизген энелер, оорукчан адамдар, сапардагылар бошотулат. Булар кийин маселеси чечилген соң орозолорун толуктап кармашы керек», — деди Чубак ажы.
Ал Орозо таң аткандан күн батканга чейин кармаларын, муфтият тарабынан чыгарылган календарь менен орозо кармаса туура болорун кошумчалады.
Чубак ажы орозонун пайдасы өтө көп экенин айтып, ден-соолукка да пайдалуу экенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, быйыл орозо болжол менен 6-июнда башталат.
Ал эми Рамазан айынын 27-түнү, башкача айтканда 2-июлда Кадыр түн болот. Орозо айт майрамы 6-июлга дал келет. Мусулмандардын маанилүү делген майрамы Курман айт 12-сентябрда белгиленет.
Эскерте кетсек, бул даталар болжолдуу алынган. Такталган билдирүү айдын чыгышына карап, июндун башында белгилүү болот. Муфтият бул даталар 1-2 күнгө жылышы мүмкүн экенин божомолдойт.