alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош шаарынын казысы Мырза кары Осмонов Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жээналиев менен жолугушуп, пландуу иштер талкууланды

Бүгүн, 8-июнь күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мырза кары Осмонов Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жээналиев баштаган облустук казыяттын эмгек жамааты менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда облустук казыят менен шаардык казыяттын кызматкерлеринин тажрыйбаларын бекемдөө жана биргеликте аткарылуучу иштердин пландары талкууланды.

Ал эми облус казысы Сайдамир ажы Жээналиев Мырза кары Осмоновду жаңы кызмат орду менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.  

«Биздин кызматтын жоопкерчилиги оор болгондуктан  талыкпай эмгектенүү зарыл. Ислам динин элге туура жана терең жеткирүү, жаштардын адеп-ахлагын жакшыртуу жаатындагы иш-чараларды уюштурууда чогу иштейли. Бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, эки казыяттын кызматташтыгын мындан дагы жакшырталы», — деди шаар казысы.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button