alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Нарын облусунун казысы Нарын районундагы дин кызматкерлери менен жолугушуп, мечиттердин каттоосу, нике, имамдардын билимин жогорулатуу жаатында пикир алышты

Нарын облусунун казысы Эрик ажы Молдокуловдун  бүгүн,  22-сентябрь күнү  Нарын районунун имамдары менен жолугушуп,  мечиттердин каттоосу, жашы жете элек өспүрүмдөргө нике кыйбоо, туура эмес диний агымдарга бөгөт коюу үчүн эл менен тыгыз иш алып баруу, имамдардын илим-билимин жогорулатуу боюнча пикир алышты.

Райондогу дин кызматкерлери аймактардагы көйгөйлүү маселелерди айтышып, облус казысына кайрылышты.

«Ынтымак болсо бардык маселе чечилет. Айтылган бардык маселелер жөндүү жана чечилүүгө тийиш. Андыктан биз өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздү жоопкерчилик менен аткарып, эл менен тыгыз байланышта бололу. Мынакей демилгеңиздер менен жакынкы айларда Нарын райондорунун имамдары менен үч күндүк жыйын болот»,-деди облус казысы.

Ал эми жыйындын соңунда имамдар мындай жыйындар дайыма уюштурулуп турса, дин кызматкерлерине күч-кубат бере тургандыгын айтышты.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button