alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облусунда имамдарды окутуу уланууда

Ош облустук мусулмандар казыятында Кара-Суу райондук мечит имамдарынын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу семинарлары уюштурулууда. Имамдарга салттуу ислам түшүнүгү, Ханафий мазхабы жана Матуридий акыйдасына таандык китептерден сабак берилүүдө.

Семинарда Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир Жейналиев өзү сабак берип, шарият илимдерин үйрөтүүдө.

«Биздин имамдар менен болгон окутууларыбыз үзгүлтүккө учурабастан улантылып келүүдө. Ар жумада ар башка темалардан өтүп, бардык имамдарга сабак берип келүүдөбүз. Жараткан Аллах алган илимдерин журтубузга пайдалуу кылсын», – деди облус казысы.

Эскерте кетсек, Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев тарабынан облус аймагына таандык дээрлик бардык имамдарга окуу сабактары уюштурулуп берилүүдө.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button