Илгери өткөн замандарда. Африкадагы өлкөлөрдүн биринде. Өлкөнү башкарган падыша жашаптыр. Ал падышанын жанында эс тарткандан баштап коштоп жүрчү жан досу да карыш жылбай чогуу жүрчү.
Падышанын жандоочусунун башкалардан өзгөчөлөнүп турган адаты бар эле. Өзүнүн же башканын болсун, жакшылык же жамандык болсун, жөн гана «ар жаман иштин
артында бир жакшылык бар»
деп айтып гана тим болчу экен.
Күндөрдүн биринде, падышаны коштоп аңчылыкка чыгышат. Падышанын мылтыгына ок салып берет. Бирок, ок тетири салынып калып, ок падышанын баш бармагын жулуп кетет. Падыша ачууланганын көргөн досу :
—«Ар жаман иштин артында бир жакшылык бар» деди. Падышанын катуу ачууланып, зынданга салдырлы.
Арадан бир жыл өттү. Падыша жигиттери менен аңчылыкка чыкты. Ошол падыша жана анын жигиттери аңдын кумарына батып, жапайы адамдар жашаган аймакка кирип кетишти. Адам жегич жапайылар аларды кармап келишип байлап, от жагып бышырып жегенге даярданып жатышкан. Алардын ишениминде: «Бир мүчөсү кем болгон адамдарды жегенге болбойт. Эгер ал мыйзамга каршы чыккан адамга жаратылыштын каргышы тийет» .
Ошентип падышаны бошотуп, анын калган жигиттерин жеп салышат.
Сарайга аман-эсен кайтып келген падыша, баш бармагынын жок болгону себептүү тирүү калганын айтып, зындандагы досун алдырат. Башынан өткөндөрдү төкпөй-чачпай айтып берет. Аны зынданга салдырганыга бушайман экенин айтып кечирим сурайт. Бирок, досу кайрадан : «Ар жаман иштин артында бир жакшылык бар» деди.
Падыша өзүн кармап тура алган жок.
— Сенин бир жылың зынданда, караңгылык ичинде, ачка жана суусуз өтүп кетти. Мен мындан жакшылыкты көрбөй турам.
Падышанын досу ага жылмаю менен жооп кылды:
— Эгер мен зынданда болбогондо, сиздин жаныңызда болмокмун. Сиз менен аңчылыка кошо чыгып, жапайыларга жем болмокмун….