alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ноокат районунда мечит имамдарына жыйын болуп, бир катар тапшырмалар берилди

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун борбордук мечитинде мечит имамдарына жыйын болуп, Курман айт намазын өз убагында окуу, мечиттерде санитардык талаптарды сактоо, муфтияттын №5 токтомунун негизинде иш алып баруу, мечиттер менен диний окуу жайлардын жер аянтынын менчик ээлерин аныктоо иштерин тездетүү жана каттоодон өтө элек мечиттерди мыйзамдаштыруу боюнча ташырмалар берилди.

Иш-чарага Ноокат районунун башкы имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.

«Курман айт намазын кечиктирбестен муфтият көрсөткөн бирдиктүү убакыттын ичинде окуйлу. Ошондой эле кайсыл айыл өкмөттө каттодон өтө элек мечит болсо, аны тез арада каттоо керек. Каттоо боюнча жооптуу  имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барыңыздар», – деди Музаффар ажы Турдубаев.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button