Мечиттин бузулуп калган кондиционерин оңдогон уста, жумуш акысын алуудан баш тартат. Андан анын себебин сурашканда: «Энем, мечитке кылган кызмат акыңды алба!» — деп осуят айткан дейт.
Кишинин апасына таң калып жатасыңарбы?. А мен болсо апасынын осуятын аткарган кишинин жакшылыгына таң калып жатам.
Кичинекей кыз балмуздак салынган арабаны көрүп сажда кылат. Адамдар андан: «Эмне үчүн сажда кылдың?» — деп сурашат. Кыз: «Апам кубанган кезде дайыма сажда кылаар эле» — дейт.
Балага берилген эң жакшы тарбия — жакшы амалдарды аткарып, аларга үлгү болуу. Балдарга туура, жакшы тарбия берүү, ар-бир ата-эненин милдети.
Саалих пенделердин биринен: «Эмне үчүн сиз мечитке азан айтылаардан мурда барасыз?» — деп сурашат. Ал: «Азан капилетте калгандарга эскертүү үчүн айтылат, мен алардын катарынан болуп калбайын деп азандан мурда барам» – деп, жооп берген экен.
Бир кишиден: «Эмне үчүн сиз дайыма мечитке коюлган суудан ичесиз, үйүңүздөн деле ичсеңиз болотко?» — деп сурашат. Ал: «Мечитке сууну койгон адам соопко ээ болсун деп, дайыма мечиттен ичем» – деп, жооп кайтарат.
Эгерде бирөөнүн айып-кемчилигин көрүп калсаң, аны сыр кылып сакта. Сактаганың үчүн соопко ээ болосуң. Ким Алла үчүн бирөөнүн кемчилигин жашырса, кыямат күнүндө Алла аны шерменде болуудан сактайт.