alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Нематулла ажы Жээнбеков: Инсандар чыныгы бактылуулук Ислам дининде, Кудайдын үйү болгон мечитте экендигин биле беришпейт

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков Кара-Көл шаарындагы борбордук мечитте жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, “Бактылуулук Исламда” деген темада баяндама жасады. Иш-чарага КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Суйүнбек ажы Жусубалиев, Бактияр ажы Шарапов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Облус казысы жергиликтүү тургундарга бактылуулукту ар ким ар түрдүү элестете тургандыгын, кимдир бирөө байлыкты бакыт десе айрымдары кызматты, бийик-бийик үйлөрдү, чоң-чоң авто унааларды айтышаарын билдирди.

“Инсандар чыныгы бактылуулук Ислам дининде, Кудайдын үйү болгон мечитте экендигин биле беришпейт. Сиз жашоодон кыйналганда, карызга батканда, бир топ түйшүктөр башыңызга келгенде көпчүлүктүн эшиги сиз үчүн жабылат. Ал тургай жакын туугандарыңыз сизден качып калат. А мечиттин эшиги байга, кедейге, ууруга, ал тургай селсаякка да ачык! Баары тообо келтирип, ибадат кылса болот”,-деди облус казысы.

Муну менен катар Нематулла ажы Жээнбеков мечитке келүүнүн адебине, ыйман менен адамдык касиетке токтолуп, эң негизгиси кичипейи болуу керектигин баса белгиледи.

“Эгер райондун акими же айыл өкмөт менен жолугушууга барсаңыз жаңы көйнөктөрдү кийип, жыттуу атырларды себип, эки үч күн мурда даярданасыз. А мечиткечи? Эскилиги жеткен, жыртылып түгөнөйүн деген көйнөк менен бутуңузга эптеп бир нерсени илип алып келе бересиз. Акыркы кездери эл арасында Ислам динине болгон кызыгуу артып баратат, ал жакшы. Бирок, алган билимибизди туура пайдалансак, окуган намазыбызга көбүрөөк көңүл бурсак. Мечитке келебиз, намаз, Куран окуйбуз. Окуган намазыбыз менен Кураныбыз канчалык деңгээлде туура же туура эмес окулуп жатканына маани бербейбиз. Авто унаабыз бузулса устага барабыз, устанын убактысын карайбыз, керек болсо кезек күтүп турабыз. Эмне үчүн молдолордун, имамдардын алдында барып устаз намазымды бир көрүп коюңуз туура окуп жатамбы? — деп сураганга жарабайбыз. Дегеним, көпчүлүгүңүздөр Куранды, сүрөлөрдү латын тамгасы менен жаттагансыздар. Арап тамгасы менен окугандар жакшы билет. Бир эле сөз бир тамгадан адашса маанисин жоготот. Ошондуктан тартынбай аалымдардан билбегениңерди сурагыла, сурагандын айыбы жок!”-деди облус казысы.

Иш-чаранын калган бөлүгү Бактияр ажы Шарапов жана Сүйүнбек ажы Жусубалиевдин баяндары менен улантылып, суроо-жооптор менен коштолду.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button