alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Нарын облусунун казысы Эрик ажы Молдокулов аймактардагы дин кызматкерлери менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышууда

Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Эрик ажы Молдокулов  Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун имамдары менен жолугушту.  Аймактагы дин кызматкерлери менен жолугушууда  мечиттердин ички, тышкы тазалыктарына жакшы көңүл буруп, каттоодон өтө элек мечиттердин документ иштерин тездетүүнү  тапшырды. Муну  менен катар облус казысы ар бир имам өз жеринде эл менен тыгыз мамиледе   иштеп, алардын суроолоруна жооп берүүсү керектигин баса белгиледи. Ал эми  имамдар  өздөрүнүн  суроолорун беришип,  чечилбей  жаткан айрым маселелерди  ортого салышты. Облус казысы аймактардагы дин кызматкерлеринин  суроолоруна жооп  берип, айрымдарын жазып алды.

Андан соң облус казысы Эрик ажы Молдокулов Ат-Башы районунун акими  Эмилбек Абдыкадыров,  Ак-Талаа районунун акими  Жумадилла Жапаров менен жолугушуп, кызматташуу жана мындан ары дагы алгылыктуу иштерди биргеликте  алып барууну сүйлөшүштү.

«Нарын облустук казыяты жергиликтүү бийлик  менен кызматташууга дайыма даяр. Элибизге динибиздин асыл баалуулуктарын жана туура жолду көрсөтүүдө, ар кандай терс диний агымдардан оолак кылууда биргеликте иш алып баралы»,-деди облус казысы.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button