alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
Таасирдүү окуялар

Мусулмандар неге алсыз болуп каапырлар күчтүү болуп жатат?

Египеттик аалым Шейх Шарави Рахимахулла мындай дейт:
Сан-Францискодо жүргөнүмдө бир чыгыш таануучу менден сурады:
– Куранда айтылгандардын баары чынбы?
Мен жооп бердим:
— Албетте чын.
Ал кайра сурады:
– Анда эмне үчүн Аллах каапырлардын момундарга үстөмдүк кылышына уруксат берет?
(Куранда: «Аллах эч качан момундардын зыянына каапырларга жол бербейт» Ан-Ниса: 141) деп айтылат.
Мен айттым:
– Биз мусулманбыз, бирок момун эмеспиз.
– Момундар менен мусулмандардын айырмасы эмнеде?
Шейх Шарави мындай деп жооп берди:
– Бүгүнкү күндө мусулмандар намаз, зекет, ажылык жана Рамазан орозосу сыяктуу ибадат жагынан Исламдын бардык символдорун аткарышат, бирок алар толук кыйынчылыкта жана жакырчылыкта турушат!!
Илимий, экономикалык, социалдык жана аскердик проблемалар… ж.б.
Бул жакырчылыктын жана кыйынчылыктардын себеби эмнеде?
● Курандагы бир аятта мындай дейт:
«Араб көчмөндөрү айтышты: «Биз ыйман келтирдик». (Сен): «Силер ыйман келтиргениңер жок. Андан көрө «Биз Аллахтын эркине баш ийдик», – дегиле. Бирок азырынча силердин жүрөгүңөргө ыйман (толук) кире элек» (Хужурат: 14).

Ал менден сурады: Анда эмне үчүн алар кыйынчылыкта жана жакырчылыкта?
– Курани Карим муну мындайча түшүндүрөт. Анткени мусулмандар момундардын деңгээлине көтөрүлө алган эмес. Жакшылап ойлонуп көрүңүз:
● Эгер алар чындап ыймандуу болушса, Аллах аларга сөзсүз жардам бермек.
Буга Аллахтын төмөнкү аяты далил:
«Момундарга жардам берүү – Биздин милдет» (Рум 47).
● Эгер алар ыймандуу болушса, башка үммөттөр жана элдер арасында дагы маанилүү жана кадыр-барктуу болушмак.
Буга Аллах Тааланын төмөнкү аяты далил:
«Эс албагыла/ көңүлүң чөкпө же кайгырба. Эгер (чындап) ыйман келтирсеңер, жеңесиң”.
● Эгер алар ыймандуу болушса, Аллах Таала башка үммөттөрдүн аларга үстөмдүк кылышына жол бербейт эле.
Буга Аллах Тааланын төмөнкү аяты далил:
«Аллах каапырлардын момундарга үстөм болушуна эч качан жол бербейт». Ниса: 141)
● Эгер алар момун болушканда, Алла Таала аларды бул кордукта жана жек көрүндү абалда калтырмак эмес.
Буга Аллах Тааланын төмөнкү аяты далил:
«Аллах силерди – момундарды ушул абалда калтырбайт». (Али Имран: 179).

● Эгер алар момун болушканда, Аллах Таала ар кандай кырдаалда алар менен бирге болмок.
Буга Аллах Тааланын төмөнкү аяты далил:
«Албетте, Аллах момундар менен бирге». (Анфал: 19).

● Бирок алар мусулман баскычында калып, момун даражасына көтөрүлө алышкан жок.
Аллах Таала айтат:
«Алардын көбү момун эмес».

● Анда момундар кимдер?
Буга Ыйык Куран төмөнкүчө жооп берет:
Алар:
«Тообо кылуучулар, ибадат кылуучулар, Аллахты даңктоочулар, орозо тутууучулар, (намаз окуп) рүкү, сежде кылуучулар, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосуучулар жана Аллахтын чектерин сактоочулар (– ушулар Бейиш ээлер). Момундарга [Алар бейиштерге киришээри тууралуу жакшы кабарды] сүйүнчүлө!». (Тообо сүрөсү 112)
Башкача айтканда, Алла Таала мусулмандарга эмес, момундарга жеңишти, өкүмдарлыкты жана бийик даражаны убада кылган!

Даярдаган: Адилет СЫДЫКОВ

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button