alternatetext Багымдат: 04:06 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
Жаңылыктар
Эң мыкты

Мусулмандардын кыжырдануусун жараткан тасма кинотеатрлардан алынды

Режиссер Эли Кингдин «Асман айымы» ("The Lady of Heaven") фильми чоң экрандарда көрсөтүлө баштагандан тартып, Улуу Британияда нааразычылыктарды жаратты. 2 сааттык фильмде Фатима бинт Мухаммеддин (р.а) өмүр баяны менен таанышып, андан күчтүү жана чыдамкай болуу сабагын алган ирактык жетим кыздын тагдыры баяндалат.

Аталган фильм бир гана Мухаммед пайгамбарды ﷺ көрсөткүндүгү үчүн эмес, суннит, шиит мусулмандар ортосундагы чыңалууну ого бетер күчөткөндүгү үчүн да айыпталды. Бул коомчулукту бөлүп-жарган олуттуу маселе болгондуктан, фильм кинотеатрларда чыгуусуна бир нече күн калганда, Улуу Британияда көрсөтүлбөөсүн талап кылган петициялар башталган. Миңдеген мусулмандар бул кайрылууну колдоп, биригишкен.

“Бул тасма бардык мусулмандардын жүрөгүн оорутуу үчүн, Ислам тууралуу туура эмес маалыматтарды таратуу үчүн тартылган”,
— деп айтылат “Улуу Британия мусулмандары” уюму демилгелеген петицияда.

“Фильмде Мухаммед пайгамбарга ﷺ түздөн-түз урматсыздык көрсөтүлгөн. Ошондой эле бардык терс каармандарды кара терилүү актерлор ойногон расисттик тасма. Пайгамбарыбыздын ﷺ сахабалары да жаман чагылдырылган. Бул фильмди кинотеатрлардын экрандарынан алып салууну талап кылабыз. Анын көрсөтүлүшү өлкө боюнча нааразычылыктарды жаратып, мусулмандар тарабынан кабыл алынбайт”, — деп жазылат маалыматта.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button