alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Жаңылыктар

Москвада каза тапкан мекендештерди карантинге байланыштуу чет жерде жерге берүүгө мажбур болушууда

Россияда өз ажалынан каза тапкан мекендештерди коронавируска байланыштуу чет жакта жерге берүүгө мажбур болушууда. Көптөрүнүн жакындары макул болбой, маркумдун денесин моргдо кармап, чек аралар ачылган соң Кыргызстанга алып кетерин билдиришкен. Бул тууралуу Москвадагы “Мигрант” кайрымдуулук фондунун мүчөсү Белек Садиров билдирди

Анын айтымында, Москвада өзгөчө абал киргенден бери 10 дон ашык кыргызстандык өз ажалынан жан берген.

“Операциядан кийин оңоло албай калган, жүрөгү кармап кайтыш болгон, 16-кабаттан секирип, муунуп, өз жанын кыйган мекендештер болду. Жакында эле 2 адамдын сөөгүн жерге бердик. Жаназасында туугандары менен видео аркылуу байланыштык. Башка айла жок”,-дейт Белек мырза.

Ошондой эле, кайтыш болгон бир катар мекендештердин денеси моргдо экенин, жакындары өз мекенине гана көмүлөт деп уруксат бербей, чек аралар ачылса алып кетишерин айтышууда.

“Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, колдон келген аракетти кылып жатабыз. Динибизде маркумдун денесин көпкө кармаганга болбойт. Болушунча эртерээк жерге берүү зарыл”, — деди маектешибиз.

Россияда каза тапкан мекендештерди ошол эле жерде жерге берүү, же Кыргызстанга алып кетүүдө активисттер, ыктыярчылар чоң колдоо көрсөтүшөт. Алсак, катардагы мигранттардан түзүлгөн “Мигрант” фонду маркумдун жакындарына аны моргдон алып чыгууга байланышкан жол-жоболор, документтик иштерден тарта, мусулмандардын көрүстөнүнөн жер сатып алууга чейин көмөктөшүшөт.

“Эгер каза болгон адамдын тууган –уруктары жок болсо, же каржылык жактан кыйналса, биз Москвадагы мекендештерге жарыялайбыз. Баарыбыз биригип, колдон келген салымды кошуп, тиешелүү сумманы чогултабыз. Бул жерде мусулмандардын көрүстөнүнөн жер алуу кымбат. 70 миңден 100 миңге чейин болушу мүмкүн. Мигранттар бири-биринин кайгысына, кыйынчылыгына кайдыгер карашпайт. Колдон келген жардамды беребиз”, -дейт Белек Садиров.

Москвадагы активист мекендешибиз Рустам Казаков Россияда Кыргызстандагы райондордун уюмдары бар экенин, алар мигранттардын башына оорчулук түшкөндө жапатырмак колдоо көрсөтүшөрүн баса белгилеп өттү. Азыркы тапта да катардагы мигранттардын уюмдары жардамга муктаждарга азык-түлүк, акчалай жактан жардам беришүүдө.

Учурдагы оор абалда чет жерде жүргөн бардык мекендештерибизге үзгүлтүксүз дуа кылалы.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button