alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
Жаңылыктар
Эң мыкты

Маршруткалардын айдоочулары Орозо учурунда кардарларды акысыз ташып жатышат

Ош шаарында №107 маршруттук таксинин айдоочулары Орозо айында кардарларын бекер ташууну чечишкен.

«Бул бир эле айдоочу эмес, бир линиянын бардык шопурлары айдын аягына чейин өз эсебинен кардарларды ташышат. Бул акция биринчи жолу жасалып жаткан жок, жыл сайын эле өткөрүлөт», — деп айдоочулар айтып беришти.

Демилгени шопурлар өздөрү көтөрүп чыгышкан. Майды айдын аягына чейин өз эсебинен сатып алышат.

«Ушул маршрут жүргүнчүлөрдү акысыз ташыганын билген эмесмин. Аябай сүйүнүп калдым. Жасап жаткан иштери ийгиликтүү болсун. Бала-чакасына ден-соолук каалайм. Рахмат», — дейт жүргүнчү.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button