alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Аалымдар

Малик Бин Динар уурудан эмне үчүн уялды?

Малик Бин Динар уурудан эмне үчүн уялды?

🕌Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим

📍 МАЛИК БИН ДИНАР УУРУДАН
ЭМНЕ ҮЧҮН УЯЛДЫ?

✍Белгилүү аалым Малик бин
Динар үйүнүн бир бурчунда тахажуд намазын окуп олтурса, ачык турган
терезесинен ууру кирип үй ичин тинте баштайт. Малик бин Динар эл арасында кадыр-барктуу адам болгон менен үйүндө жарытылуу эч нерсеси жок эле. Ууру ары-бери үйдү тинтип, колго урунаар эч нерсе таппайт да, бурчта олтурган аалымды кандайдыр бир буюм го деп ойлоп жанына келет.

— Ассалааму алайкум, — деп салам
берет Малик бин Динар жанына келген ууруга. Ууру чочуп кетет, бирок кайра артка кайтууга кеч болуп калганын түшүнөт да:

— Алайкум ассалам, -деп алик алат.

— Келиңиз, таксырым, жакшы келдиңиз, бир аз сүйлөшүп отуралы, — деп Малик ууруну жанына олтургузат. Ууру өтө ыңгайсыз абалга калганына карабастан, аалымдын жанына көчүк басат.

— Куттуу үйдөн куру чыкпайт, — дейт Малик уурунун башына өз башындагы топусун алып кийгизип, — сиз издегениңизди таппай калдыңыз, эми бул жерден куру чыкканыңыз жарабас, жок дегенде мени менен эки ирекет намаз окуй кетиңиз.

Аалымдын жылуу мамилеси, таасирлүү сөзү, баарынан да сөз менен айта алгыс жупунулугу уурунун жүрөгүн жибитти. Ал:

— Мени кечирип коюңуз – деп, башын ийип кечирим сурамакчы болду эле, Малик аны ийнинен түртүп өйдө кылды да:

— Менден кечирим суроонун кажети жок, тескерисинче сиз мени кечирип коюңуз, издегениңизди таппай убара болуп жатканыңызда өзүмдү абдан ыңгайсыз сездим, — деди. Анан туруп барып кумганга суу куюп ууруга карматты. Ууру даарат алып келип Маликтин жанында эки ирекет намаз окуду. Намаз окулуп бүткөн соң, Маликке кайрылып:

— Дагы эки ирекет окуп алсам уруксатпы? – деп сурады.

— Каалаганыңызча окуй бериңиз,
— деп жооп берди Малик. Ошентип
экөө таң атканча чогуу болушту.
Эртеси ууру, уурулуктан тооба кылгандыгын, эми экинчи мындай жолго барбастыгын айтып, аалымга ыраазылыгын билдирип чыгып кетти. Арадан бир канча күн өткөндө, уурунун көптөн бери «жумушка» чыкпай калганына таңданган эски досторунун бири ага жолугуп:

— Сен эмне кен таап алгансыңбы?
Жумушка чыкпай калдың? — деп сурап калды.

— Ооба, кара курсакты тойгузчу кен
эмес, жан дүйнөнү жандантчу кенди таап алдым. Эгер кааласаң сага да
аны көрсөтүп коём, — деди. Досу жакшы түшүнбөй калса да, кандайдыр бир нерседен үмүт кылып макул болду:

— Макул, мага да көрсөт.

— Түн ичинде Малик бин Динардын
үйүнө барсаң, ошол жерден
баарын табасың.

📘 «Бейиш гезити»

👳 Даярдаган: Ахунов Акжол

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CBvYgO7hm2F/?igshid=g5aiugcl4dwc

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button