alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Кызыл-Кыя шаарында дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов баш болгон дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү.

«Эмдөөнү борбордук «Мураталы ажы Жуманов» атындагы мечитте уюштурдук. Алгачкылардан болуп  мен өзүм эмдөөдөн өттүм. Андан соң башка дин  кызматкерлери жана намазга келгендер эмделди»,-деди Мукадас ажы Кожониязов .

Эскерте кетсек, кечээ, 14-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button