alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Кочкор районундагы айымдар аймактардагы мечиттерди тазалап туруу боюнча эстафета башташты. Учурда бул саамалыкты башка райондогу эже-карындаштар колго алышты

Нарын облусунун Кочкор районундагы айымдар аймактардагы мечиттерди тазалап туруу боюнча эстафета башташты.  Учурда Кочкор айылындагы 4 мечит тазаланып, Теңдик, Жаңы-Жол айылдарындагы айымдарга өткөрүп беришти. Мечиттерди тазалоо иш-чарасына жалпысынан 50 айым катышып, алар аймактарга бөлүнүшкөн.

«Кочкор районунда эстафета катары айымдардын атайын тазалык иш-чарасы башталып, кечээ, 14-июнда Кочкор айылындагы айымдар  Жаңы-жол айылындагы эже-карындаштарыбызга өткөрүп беришкен. Бүгүн өткөрүп алган тарап коңшу айылдарга сунушташты. Саамалыктын эң негизги максаты мечиттерди таза кармоо. Ал эми бул иш-чараны бир жолу  эмес, ай сайын өткөрүп турууну ниет кылышууда»,-деди райондун баш имам хатиби Жеңишбек ажы Арзымкожоев.

Демилгени көтөрүп чыккан Уева Ругиянын айтымында бул иш-чара районго келген конокторго жана жергиликтүү жашоочуларга шарт түзүп берүү, мечиттерде тазалыкты бекем сактоо болуп саналат.

«Бардык  тазалоочу каражаттарды Уева Ругия өз каражатына сатып алып, айымдар үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Ушундай эле саамалык  республикадагы бардык мечиттерде уланса деген тилегибиз бар»,-дейт райондун баш имам хатиби.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button