alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

КМДБнын халал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы «Умму Мухаммад» медресесиндеги көзү азиздерге брайл системасында басылган Куран китебин тапшырды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын халал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев менен биргеликте «Умму Мухаммад» медресесинде окуп жаткан студенттерди жана көзү азиздерди зыярат кылды.

Окуу жайга жасаган зыяраттын алкагында КМДБнын халал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин саламын жолдоп, КМДБ тарабынан берилген көзү азиздерге брайл системасында басылган ыйык Куран китебин тапшырды. Ал эми Ош шаарынын казысы студенттерге өзүнүн  кеңештерин айтып, окууларына ийгилик каалап, дуба кылды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button