21.1 C
Bishkek
10.07.2025
МакалаларРубрикасыз

"СУЛУУЛУК ТҮБӨЛҮК ЭМЕС, КАРЫГАН САЙЫН ЖОГОЛОТ…" Абдишүкүр ажы Нарматов.

Сенин мансабың же байлыгың үчүн дос болгон адам, күндө бассаң артыңда басып, түндө бассаң жоголуп кетчү көлөкө сыяктуу.
Адамдар кээде сенин башыңдагы жараны көрүшөт, бирок жаранын ооруткан оорусун сезишпейт.
Кетирген каталарың убагында чоң зыян алып келсе, убакыттын өтүүсү менен ал «Тажрыйба» — деген атка айланат.
Ушак-айыңды сага көрө албастык кылган адам ойлоп табат, акмак адам жайылтат, келесоо наадан адам аны тастыктайт.
Эң жаман дос — адамдар сени маскара кылып, абийириңди төгүп жаткан учурда унчукпай турган адам.
Сулуулук түбөлүк эмес, карыган сайын жоголот. Мансап өмүр бою турбайт, сенин ордуңду башкасы ээлейт.
Рухуңду, ички дүйнөңдү адеп-ахлагыңды кооздоп оңдо,ошол нерсе сенин атыңды түбөлүк тарыхта калтырат.
Кээде акырын сүйлөө, кыйкырганга караганда күчтүүрөөк таасир берет.
Туура тарбия берүү, бузукулуктун алдын алат. Жөнөкөйлүк текебердикти кетирет.
Сен эч кимге ызаа бербесең да, сага ызаа бергендер болот. Жашоо ушундай, сарсанаа болбо.
Бир күндө жүзүн бир канча жолу жууп, жүрөгүн жылына бир жолу тазалабаган адамга таң каламын.
Nasaat.kg

Related posts

African Nation Are Strugling To Save Their Wildlife

admin

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Россия Ислам институтунун ректору Рафик ажы Мухаметшин менен жолугушту

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев КМДБнын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

1 comment

Evgeniyaquown 13.10.2023 at 16:37

Сегодня днем мониторил содержание инета, и вдруг к своему удивлению открыл лучший веб-сайт. А вот и он: https://online-sms.org . Для нас данный веб-сайт показался очень привлекательным. Всего наилучшего!

Reply

Leave a Comment