alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

КМДБнын фатва, диний адабияттар бөлүмү имамдарга үй-бүлө институтун бекемдөө максатында окуу семинарын өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар бөлүмү Кыргызстандагы бардык расмий дин кызматкерлерине үй-бүлө институн бекемдөө жана аялдардын никеден кийинки шарияттык, социалдык укуктарын  сактоо, бирдиктүү нике кыйуу максатында, онлайн окуу семинарын өткөрдү.

Семинарда бирдиктүү нике кыйуу боюнча инструкция иштелип, чыгып, анла никени кыйуу тартиби, шарттары, эрежелери иштелип чыгып, имамдарга тааныштырылды.

Окутууну фатва, диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов жана дин аалымдары өткөрдү.

«Ислам дининде үй-бүлө баалуулуктарын даңазалап, аны ак нике менен кошулууга абдан бекем үгүттөлгөн. Никелешүү менен турмуш куруу инсандын жеке жашоосуна жана ошондой эле жалпы коомдук жашоого  дагы  өтө пайдалуу таасири бар. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) « Никелешкиле, көбөйгүлө. Мен кыямат күнүндө өткөн үммөттөрдүн алдында силердин көптүгүңөр менен сыймыктанам. Ал тургай карындан түшкөн, чала төрөлгөн бала менен дагы»— деп айткан»,-деди Султанали ажы Гапуров.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button