alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

КМДБнын фатва бөлүмү Аалымдар Кеңешинин фатва комитети менен биргеликте үй-бүлө институтун бекемдөө, нике, үшүр, курмандык чалуу боюнча атайын отурум өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар бөлүмү Аалымдар Кеңешинин фатва комитети менен биргеликте үй-бүлө институтун бекемдөө, нике, үшүр, курмандык чалуу  боюнча атайын отурум өткөрдү.

Отурумга Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, фатва бөлүм башчысы Султанали ажы Гапуров жана АКнын фатва комитетинин мүчөлөрү катышып,  учурдун көйгөйлөрүнүн бири болгон үй-бүлөлөрдүн бузулушун токтотуу жана жаштар, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, баш кошуп жаткандарга нике жана анын жоопкерчилиги боюнча кеңири маалымат берүү, дыйкандар арасында үшүр боюнча кеңири баяндамаларды жасоо  керектигин айтышып, бул жаатта атайын суроо-жооп жана фатва берүү боюнча www.darulifta.kg сайты иштеп жаткандыгын баса белгилешти.

«Үшүр боюнча дин кызматкерлери аймактардагы дыйкандарга жана карапайым калк арасында атайын сабактарды уюштуруп, түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп туруулары учурдун талабы. Дыйкандарыбыз үшүрүн берип турса, канчалаган муктаж үй-бүлөлөр үчүн жеңилдик жана камкордук болмок. Эми КМДБ бул жаатта активдүү иш алып барат»,-деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button