alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Жаңылыктар

Кыргызстандык ажылардын маанайлары жакшы, ажылыктагы алгачкы зыяраттар башталды

Кыргызстандан 7-8-9-август күндөрү Бишкек-Медина багыттары боюнча учуп кеткен зыяратчылар учурда ажылыктын алгачкы кадамдарын башташып, Медина шаарындагы Куба, Кыбалтейн, Жума мечиттери менен таанышып, өздөрүнүн ибатаддарын кылышууда. Бул тууралуу жеринде ажылыкты уюштуруу боюнча шатб мүчөсү Токтогазы уулу Бактияр жеринде билдирди.

«Бишкек шаарынан келишкен 900 ажы өздөрүнүн ажылыктагы алгачкы зыяраттарын башташып, Пайгамбарыбыздын (с.а.в) мечитинде өздөрүнүн ажылык амалдарын кылышууда. Албетте, алгачкы жолу келишкен ажыларыбызда толкундануу сезимдери болууда. Бардык эреже, тартиптерди ажы башчылар, ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын мүчөлөрү түшүндүрүп берип, алар үчүн лекцияларды уюштуруудабыз»,-деди Токтогазы уулу Бактияр.

Булак
http://muftiyat.kg

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button