alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Караколдо “Биз менен ооз ачыңыз” аттуу акция өтүп, анын алкагында айдоочуларга, жүргүнчүлөргө жана шаар тургундарына атайын баштыкчалар таратылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Биз менен ооз ачыңыз” аттуу акция өтүп, анын алкагында айдоочуларга, жүргүнчүлөргө жана шаар тургундарына атайын баштыкчалар таратылды.

«Акциянын ыйык Рамазан айында уюштурулгандыгын шаар тургундары колдошту. Себеби көпчүлүктөрү жумуштан чыгып, ооз ачууга жетишпей калышат. Муну менен катар ыйык айда чакан баштыкча шаар тургундарына жагымдуу маанай жаратты. Акцияны колдоого Салих компаниясына ыраазычылык билдиребиз»,-деди Ысык-Көл облустук мусулмандарынын казыятынын маалымат бөлүмүнүн адиси Жунус Дюшеков.

Эскерте кетсек, “Биз менен ооз ачыңыз” аттуу акциянын алкагында 100 баштыкча таратылды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button