alternatetext Багымдат: 03:55 | alternatetextКүн чыгуу: 05:47 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:12 | alternatetextКуптан: 22:07
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев чек ара окуясынан көз жумган 31 жарандын жакын туугандары менен жолугушуп, аларга көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан көз жумган 31 жарандын жакындары менен жолугушуп, аларды сабырдуу, күчтүү, кайраттуу болууга чакырды.

Муну менен катар маркумдардын рухтарына багыштап Куран окулуп, мамлекетибиздин тынчтыгы, биримдиги, туруктуулугу жана элибиздин амандыгы үчүн дуба кылынды.

Аталган жолугушууга түштүк аймагындагы казылар жана облустук казыяттын эмгек жамааты катышты

“Мамлекетибиздин мындан ары тынчтыгы, бакубат жашоосу үчүн дайыма дуа кылып, Жаратканга жалбаралы. Маркумдарыбызды Алла Таалам Өз ырайымына алсын. Мындай оор жоготуу кайталанбасын. Энелердин көз жашы акпасын, ар бир үйдө бейпил жашоо болуп, өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болсун»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button