alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Макалалар

Кандай болсо да атам бар болсочу..

Кандай болсо да атам бар болсочу..

😪 КАНДАЙ БОЛСО ДА АТАМ БАР БОЛСОЧУ..

✍Детдомдогу кыздардын маегинен үзүндү.
Аябай ыйлатышты.

— Кыздар, сүрөт көрсөтөйүнбү силерге?
— Ии. Кана?
— Бул менин үй — бүлөөм.
— Соонун сүрөт го. Өзүң тарттыңбы?
— Ооба. Өзүм тарттым.
— Ааиий, сенин атаң сулуу киши экен ээ?
— Ооба, менин атам сулуу киши болчуу. Атамдын ички дүйнөсү да сулуу болчу.
— А, ички дүйнө деген эмне?
— Ички дүйнө деген, бул, ички дүйнө.. Бүт бардык жактары жакшыы кишилерди ички дүйнөсү сулуу киши экен дешет.
— Аа, менин атамдын дагы ички дүйнөсү сулуу. Анан атамдын жыты да соонун болчу. Атам жумуштан келээри менен жыттап, жыттап алат элем. Мен баарынан да ошол жытты сагындым.

— А, менин атам кандай киши болду экен? Өмүрүмдө ата жытын жыттап, ата мээримин көрбөй өсүп келем. Ата- энем ажырашпай эле койсо балким биз дагы бактылуу үй-бүлө болсок керек эле.. Ата энелердин ажырашканы эле жаман. Бири-бирин жакшы көрүшүп, сүйүшүп үйлөнгөндөн кийин, ажырашпай эле жашай берсе болот го..
— Эми, ажырашкандардын деле себеби болсо керек да. Анысын чоңдор өздөрү эле билбесе, биз кайдан билебиз?
Апам болсо, « Атаң аракты жакшы көрчү эле.»: дейт. Жакшы көрсө эмне экен? Аракты бир эле менин атам эмес, элдин баары жакшы көрүп, ичип жатышпайбы?! Ичсе деле, жанымда атам бар.. «Ата» деген сөз кандай жакшы..
Ата, атаке! Атоо.. Карачы, кандай сонун сөздөр…

Эх дүнүйө бирөөгө зар бирөөгө кор дүнүйө!
Ата -эне кадырын жетимден башка эч ким жакшы билбесе керек.
Алар үчүн бир гана «апа «,»ата «деген сөздү айтуу канчалык бакыт экенин билсе гана! Алар үчүн «кызым «,»уулум » деп чакырган үнү канчалык маанилүү жана уккулуктуу!

Алар үчүн ата -эненин жыты, жүздөрүнөн күлмүңдөгөн чачырап турган мээрими, таттуу сөздөрү деги эле күндө эртең менен «тур балам «,»тур кызым «-деп таңды бирге тосуу кандай гана бактылуулук!

А ата -энеси жанында туруп, күндө «тур балам, тур кызым» -деп мээрим көздөр, жүздөр таңды биз менен тосуп баарын биз үчүн жасап, ичирип, кийинтип турса да аны биз сезбей келебиз! Биз үчүн эч нерсе эмес сыяктуу, «Адам качан жакынын жоготгондо кадырына жетет «деген сөздөр бекеринен айтылган эмес. Бар байлыкты канчасы корлоп жүрөт, кадыры турмак, көңүлун калтырып, кол көтөргөн айбандар канча!

Эгер билсеңиз «Ата!»,»Апа! » кандай таттуу сөздөр, Аллахтан кийинки бизге дем -күч берген асыл инсандар! Оорусак «апа » дейбиз, жыгылсак «ата «дейбиз, ыйласак «апа «дейбиз, адашсак «ата «дейбиз!

Сөйөнөөрүбүз, таянарыбыз, жашообуздун нуру, дөөлөтү, жөлөгүбүз, бакытыбыз ата -энебиз экенин унутпайлы! Ата Бейиш эшиги, Бейиш эненин таманында!

Ата -апалар кээде жашоо сыноолоруна жеңилдик кылып ортотогу балдарга зыян жеткирбөө керек, өзүңөрдү ойлоп балдардын көз жашын агызбагыла!
Алар силерге муктаж, алардын келечек жашоолрундагы жаңы бүр алып келе жаткан максат, ойлорун, сындырып үмүтүн өчүрбөгүлө!

Балдарыбыз жылуу сөзгө, камкордукка, мээримге оролгон мамилеге көбүрөөк муктаж….

🧕🏻 Насиба Абдуллаева.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CBSo5pQB3Wg/?igshid=xu7r2if56r45

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button