alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Макалалар

Ишинди ирээттесен санаадан Кутуласың

Ишинди ирээттесен санаадан Кутуласың

📍 ИШИҢДИ ИРЭЭТТЕСЕҢ, САНААДАН КУТУЛАСЫҢ.

✍ Эл аралап сапарда жүрүп, достор менен бирге болуп, айтор, көп жерден турмуштук бир жагдайды байкадым:

ким күнүмдүк кылчу ишин иреттеп жазып алса, күнүн көңүлү ачык, жакшы маанайда өткөрөт экен. Багымдат намазына тургандан баштап, эмне иштерди аткарарын, кимге учурашып, кимден кабар аларын, кайсы убакта эс алып, кайсы убакта уктаарын, айтор майда-чүйдөсүнө чейин так жазып алгандарын көрдүм, анан да булардын кайсы бир ишке өкүнүп башын койгулаганын көрбөдүм.

Анткени убакытты туура бөлүштүрүү, бул — Алланын сүннөт жолу, муну пендесине да жүктөгөн. Ал эми тартипсиз, иретсиз иш кылгандарды карасам, бири кайсы бир ишин бүтүрө албаганына өкүнүп, дагы бири эмне жумуш кыларын билбей зээригип, айтор санаадан санаага, кайгыдан кайгыга уланып өтөт экен.

Намазды өз убагында окууга да шашылышпайт, жумушту өз убагында бүтүрүү деген түшүнүк жок, берген убадасын такыр эле унутуп калат. Ушуга жараша жашоосу да тартипсиз:

Иши илгерилебейт, маанайы чөгүңкү, өмүрү сарсанаа менен өтөт. Ушуга көңүл бур, кайгыга, жашооңду алып барчу жол абдан кенен. Демек, ишиңди иретте, жашооңду тыңда, ар бир күнүңө такталган тартип киргиз, анан бакыттын даамын татасың, жаның жай алып, ырахаттанасың.

📚 » Бакыттын сырын ачтым» китебинен

Автор: Аид ал Карни.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CBdKHzUhFEt/?igshid=6mi8znx0dhaq

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Сегодня днем изучал данные сети интернет, и к своему восторгу открыл четкий вебсайт. Посмотрите: https://online-sms.org . Для меня данный сайт оказал радостное впечатление. Всем пока!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button