alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Исак ажы Юнусов: Пайдалуу илим берип, элдин батасын алуу- чоң жетишкендик

Ош шаарындагы «Аль-Фаарук» мечитинин имам хатиби Нурлан ажы Сапиев Ош шаардык мусулмандар казыятынын «Алкыш баракча» менен сыйланды. 

Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов Нурлан ажынын үзүрлүү эмгегине токтолуп, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

«Башка аймактан келип, жети жыл имамдык кызматты аткаруу, ошону менен бирге эл менен тил табышып, элдин көңүлүнөн жай алуу оңой эмес. «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» дегендей Нурлан дамбла бул айылдын жаштарына пайдалуу илим берип, элдин батасын алып жатат. Бул чоң жетишкендиги деп эсептейм» ,- деди Исак ажы Юнусов.

Нурлан ажы Сапиев жети жыл имамдык кызматты аркалап, Мээркан айылынын жаштарына Куран окууну үйрөтүп, көптөгөн шакирттерди чыгарды. Мечиттин тазалыгы, элдин ынтымагы боюнча алгылыктуу иштерди аткарууга жетишти.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button